Расул Маматкулов: “Неберемди сагынып тез-тез Ошко бара берем”

Жашоодо ар кандай учурлар кездешет: кээде чоң эне небересин өз колуна алып, анын тарбиясын биротоло моюнуна алса, кээде небересинин тарбиясына сырттан гана катышат. Бирок бактылуу бала – бул өз энесинин мээримин да толук сезип, ошол эле учурда чоң энесинин да камкордугуна бөлөнүп чоңойгон бала. Ал эми өз ата-энесинен алыстап, чоң эненин тарбиясын алуунун оң жактарына караганда терс жактары көбүрөөк экен.

 

Жакшы жактары:

1. Адатта балага чоң энеси менен чогуу болуу жагымдуу. Анткени ал небересин кандай болсо, ошондой кабыл алат. Өз энесиндей болуп ашыкча эч нерсени талап кылбайт, кемчилигин айтпайт.

2. Чоң энелерде тажрыйба бар, алар жаш, тажрыйбасыз энелерге балага кам көрүү боюнча баалуу кеңеш бере алышат. Төрөттөн кийинки алгачкы айларда чоң эненин жардамы өтө керек.

3. Эгер өз эненин жумуштары качан болбосун көп болсо, чоң эне дээрлик бардык убактысын небересине арнайт: аны менен сейилдейт, ойнотот… Көпчүлүк неберелер дал ушул үчүн чоң энелерин жакшы көрүшөт.

Жаман жактары:

1. Эгерде чоң эне менен өз эненин дүйнөгө болгон көз карашы, баланы тарбиялоо стили кескин айырмаланса, анда баланын тарбиясы арасат болуп калат. Жакын адамынын бири болгон чоң энеси башка нерсени үйрөтсө, экинчи жакын адамы – апасы башка карама-каршы нерсени талап кылат. Андыктан мындай балдар өзүнө эмне керек, эмне маанилүү экенин билбей калышат. Чоңойгондо да алар үчүн бир чечимди кабыл алуу оор болот.

2. Баланы кичине кезинде ким караса, ошого көбүрөөк тартылат. Андыктан кичинесинен чоң энесинин колунда чоңойгон бала менен өз энесинин мамилесинде көп учурда көйгөй жаралат.

3. Көпчүлүк чоң энелер неберелерин ушунчалык эркелетишет, анысы баланын мүнөзүнө жана келечек тагдырына олуттуу зыян келтирип жатканын убагында капарына алышпайт. Мындай эркеликте чоңойгон бала чоңоюп калса да өз кийимин өзү кие албайт, өз алдынча курсагын тойгуза албайт, дегеле бир нерсени өзү жасоого аракет кылбайт. А мектепке барганда физикалык жактан да, психикалык жактан да башка балдардан өзүн кем сезип, бала кыйналат. Маселе мектеп менен эле чечилбейт да, жашоонун андан аркы жолунда да ушул эле көрүнүш кайталана берет.

4. Көпчүлүк чоң энелер тыюу салуу дегенди билишпейт. Мындай ашыкча эркиндикке көнгөн бала “мен үчүн баары мүмкүн” деген түшүнүктө чоңоёт да, башкалардын, анын ичинде өз ата-энесинин ою менен эсептешкиси келбейт. Качандыр бир кезде өз колдоруна алган ата-энеге баласын кайрадан тарбиялоого туура келет. Тилекке каршы, анда кеч болуп калышы мүмкүн.

5. Эң өкүнүчтүүсү – учурда эмчек жашындагы баласын апасына же кайненесине таштап эмгек мигранттыгына кеткен энелердин саны көп. Бала үчүн эмчек сүтүнүн эң пайдалуу жана эч нерсеге алмашкыс баалуу азык экени илимде алда качан изилденген. Андыктан баланы эмчек сүтү менен азыктандыруу канчалык узакка созулса, ошончолук жакшы. Бирок чоң энелердин илим менен иши барбы, алар колунда калган неберелеринин оозуна эки айынан баштап буламыкты тыгып, төрт айынан баштап нан чайнап берип чоңойтушат. Мындай жол менен эне сүтүнөн ажыратканы аз келгенсип, баланын ашказанын бузуп жатканын түшүнүшпөйт. Мындан тышкары чоң энелер кичинекей балдарды өтө эле калың кийинткенди жакшы көрүшөт. Буга көнгөн бала бир аз эле салкын жерге чыкса шамалдап ооруп калат.

6. Акыркы кемчилиги – чоң эне канчалык мээримдүү, камкор, түшүнүктүү болбосун, баланын өз энесинин ордун алмаштыра албайт. Балага эненин мээрими, кучактоосу, өбүүсү өтө зарыл.

Небере эркелеткен атактуулар

Саламат Садыкова: “Бош убактым болсо эле неберелериме чуркайм”

– Менде 4 неберем бар. Сайкал, Алишах, Санат, Айкөл. Үйдө таттуураак тамак жасасам да неберелерим жесин деп көтөрүп барам же чакырып алам. Чет мамлекетке чыкканда ар бирине белек ала келем. Дүкөндөрдөн жакшы кийим көрүп калсам да неберелериме алмайынча өтпөйм. “Алишахты көбүрөөк жакшы көрөсүз, айтканын аткарасыз”,- деп калат кызым. Ооба, мен Сайкалымды да оозунан чыкканын аткарып чоңойтком. Барчылыкты көрүп чоңойгон баланын дээри ток болот. Ошондуктан баланын көзүн да, өзүн да ток пейил кылып чоңойтуш керек. Бош убактым болгондо неберелеримди көздөй жөнөйм. Алар менен ойноп эркелешип жатып кадимкидей эс алып калам. Мен такыр урушпайм, апасы урушуп калса болушуп коём. Бирок такыр эле талтаңдатып эрке кылып салганга да жол бербейм. Сабактарын жакшы окуп, чет тилдерин үйрөнгөнгө көңүл бурам. Неберелеримдин баары таланттуу. Буюрса, залкар инсандар болот деген үмүтүм чоң. Ким болбосун улуттук аспаптарды үйрөнүшсүн деп эки неберемди комузга бердиргем.

Курмангазы Азыкбаев: “Неберелериме ат, эшек болуп берем”

– Уулумдан эки, кызымдан бир неберем бар. Уулумдун балдары Баатыр 2-класс, Актаны 1-класс. Ал эми Нурайымдын кызы Арууке 6 жашка чыгат. Үчөө тең мага жакын, ата-энелеринен ала качып үйгө алып келип өпкүлөп жыттап кучагыма алып жатам. Алар менен жыргап ойноп жатып өзүм да кичинекей бала болуп калам. Неберелерим да меникине эле качып турушат. Алар келгенде үй толуп, майрам болуп калат. “Аташка” деп мойнума минип алышат. Мен аларга ат болуп, эшек болуп ойноп жатып жумуштарымды унутуп калам. “Атамдын койнуна мен жатам”, — деп талашышат ананайындарым. Кызыгы, менин музыкалык аспаптарыма такыр тийишпейт. Бирок үйдү чачып, короонун тамтыгын чыгарышат. Алар кеткенден кийин таенеси экөөбүз үй жыйнабыз. Мен неберелеримди жалаң мактап тарбиялайм. Ошондо балада өзүнө ишеним, максатына умтулуу пайда болот. Кечке эле “болбойт” деп тыя берсең, өз алдынча боло албай, өз оюн айта албай өсөт.

Расул Маматкулов: “Неберемди сагынып тез-тез Ошко бара берем”

– Мурун чыгармачылык, гастроль деп жүрүп балдардын кандай чоңойгонун билбей калган экенмин. Азыр неберем Ханбийкени бир азга көрбөй калсам эле сагынып Ошту көздөй жөнөйм. Азыр да Оштомун. Мына, неберем таятасынын алдынан чыкпай нары-бери басып мени ээрчип жүрөт. Азыр 2 жашка чыгайын деп калды, ширин кылыктары менен мени кубантып отурат. Эң биринчи мага жакын, таятасы жок маалда гана башкаларга барат. Мен болсом атасын да, апасын да тоготпой калат. Кичинесинен эле мен ырдасам ыйлабай угуп жата берчү. Азыр деле ошол, кежирленип ыйлап эч кимге көнбөй жатканда менин үнүмдү укса тып басылат. Музыкага жакын, ырдайт, бийлейт. Азыр да моюнуна гитара асып алып жүрөт. Ханбийкемди композитор болобу деп калам. Ошко неберемди шылтоолоп бат-бат келип, аны менен катар тойлорго да ырдап сагынычты таркатып, чөнтөктү кампайтып кетем.

Бек Борбиев: “Таята болуу өзүнчө керемет”

– Жозефина, Хадижа, анан эгиз Али, Бек деген төрт ширин неберем бар. Илгери чоң ата, чоң энелерибиз: “Небере ширин болот”, — деп неберелерин эркелетсе, “жөн эле айтып жатат, болбосо балдарын жакшы көрөт да”, — деп ойлочумун. Чындыгында неберелүү болуу, таята болуу өзүнчө керемет экен. Неберелерим келсе үйүм толуп, бардык маселелерди унутуп жыргап эле калам. Моюнума асылат, ат кылып ойнойт. Алар үчүн баары болгонго даярмын. Антсем балдарым кызганып калышат. “Жээн небере эч нерсе эмес, уулуңдун балдары мындан да ширин болот”, — деп жатышат. Анда деле буларга жакын болсом керек деп ойлой беремин. Неберелеримди такыр урушпайм, жалаң ошолордун ою менен болом. Карап отуруп Жозефинанын кылык-жоругун кызымдыкына окшоштурам. Айрыкча өзүнүкүн бербеген өжөр жактарын. Мурун балдарым ушинтип өжөрлөнсө урушуп салчу элем. Буларды урушмак турсун оюна каршы боло албайм.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу