Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Айгеримдин ырдаганына тыюу салгам»

От болуп күйүп, чачын сеңселте ырдап, аркасынан анын балдары да ырдап келе жаткан музыкант агабыз бар. Айтпасам деле ким экенин билгендирсиз. Эмесе, Расул Маматкулов биздин маек төрдө.

– Расул байке, 17-сентябрь туулган күнүңүз жакындап калыптыр, кандай өткөрөйүн деп жатасыз?

– Туулган күн өздүк майрам эмеспи. Мен 50 жылдыгымды толук дата болгон үчүн белгилегем. Эми кайра тоголок датага келмейинче белгилебей деле койсо болот. Азырынча план деле жок, көрөбүз го.

– Бильярд ойногон жайдан кезиктик, бул сиз үчүн хоббиби?

– Мен үчүн жакшы спорттун түрү. Сыртка чыгып ушунча чакырым баспайбыз да, муну айланып шарды кууп жүрүп канча чакырым басканыңды билбей каласың. Мээ да иштейт, дене да талыкшыбай машыгат. Бильярд боюнча кубок, медалдарым бар, анын үстүнө достор менен кезигип сүйлөшүп туруу үчүн да жакшы шылтоо (күлүп).

– “От болдум, күйүп болдум” деген ырыңыз жагат мага. От болуп жүрүп чыгарсаңыз керек.

– 1980-1990-жылдарда бийлегенге жалаң эле башка улуттардын ырын пайдаланышчу. Кыргызча ырга бийлешчү эмес. Мен бардык улут бийлей турган ыр чыгаргым келди. Биринчи кайырмасы жаралып, кийин куплеттерин жазгам. Көл жээгинде жазылган. Сөзүн ыраматылык Манас Бердибеков экөөбүз жазганбыз. Клипти студияда эле тартканбыз. Анда жаш жигит элем, башыма лента байлап алсам деле жарашып калчу (күлүп). Азыр ошентип чыксам эл “Расулдун тамы жылып кеткенби?” десе керек. Клипти Мыктыбек Арстанбек тарткан.

– Ырдаганыңыз Ибрагим Жунусовго окшоштой туюлат, убагында таасирленүү болгонбу?

– Ибрагим Жунусов популярдуу болуп турган учурда “Расул, бул жерде эки той бар, өзүң келип бер” деп жардамга мени чакырчу эле. Анткени ансамбль менен кеминде төрт саат ырдоо ар бир ырчынын колунан келе бербейт. Репертуары да жетпейт. Ал кезде фонограмма деген дээрлик жок. Өзбектин тоюна деле, кыргыздын тоюна деле ырдай берчүбүз. Бул таасирленүү деле эмес, түштүктөн болгонубуз үчүн болсо керек. Мен негизи шаарда өстүм. Мен таасирленген адамдар Муслим Магомаев, Юрий Антонов болчу. Кыргыздардан биринчи болуп мен орусча ырдап чыксам керек. Телекөрсөтүүгө да биринчи орусча “Мир на земле” деген ырым менен чыккам. Фестивалга да ошол ыр менен барып биринчиликти алып келгем. Кейигеним, ошол кезден эч бир жаздыруу жок. Ибрагим Жунусовго келсек, ал адам устатым болгон.

– Эсимде, сиз ырдап жатканда жаныңызда кичине кыз бийлеп жүрчү эле, кийин билсем кызыңыз Айгерим экен, бул кимдин идеясы болгон?

– Ата-кыз болуп чыкканыбызды эл аябай жакшы кабыл алчу. Тим эле сахнадан кетирбей кечке кол чаап турушчу. “Мерседес”, “Жанарым” деген ырларыма бийлечү. Кийимин апасы тиктирип берген. Ал идеядан эмес, Айгеримдин сахнага чыгам деген умтулуусунан улам болгон. Анткени мен ага ырдаганга уруксат берген эмесмин. 3-4 жашында эле “ата, мен ырдайм”дечү. Мен “ырдабайсың” дейм. Анткени
15 жашка чыкканга чейин ырдатпайм деп катуу кармадым. Өткөөл курактан кийин ырдатам дечүмүн. Анткени үнүн бузуп алуусу мүмкүн эле. Үнү сопрано болсо, кээ бириники сопрано боюнча калат же меццо-сопрано болуп өзгөрүлүп кетет. Өзүнчө ырдап жүрчү, бирок эл алдына
15 жашында чыкты. “15 жашыңда каалаган ырыңды ырдатам, кызым” дегем. Гастролдо жанымда бийлеп чоңойду. Негизи наристе балдардын эл алдына чыгышын анча деле каалабайм. Бирок талант деген түрткүлөп турган нерсе экен да. Азыр кичүү кызым да сахнага чыгам деп жүрөт, көңүлү үчүн ырдатымыш болуп койдум, бирок башка кесиптин ээси болушун каалайт элем.

– Кыздарыңыз тууралуу айтканда үнүңүздө өзгөчө жылуулук сезилип турду…

– Кыз бала атага жакын болот экен. Уул бала, тескерисинче, энесине жакын болот окшойт. Мен, мисалы, апама жакын болчумун. “Ырчы болом” деп апама айткам. Ал дагы башка балдарынан мени бир аз жакшыраак көрөт беле деп ойлойм. Бир туугандарыма караганда мага көбүрөөк көңүл бурганы билинип турчу, чоңоюп калганда мода кууп кийинип калабыз го, ошондой учурда апам такыр жок дебей айтканымды алып берип кийиндирчү. “Ырчы болом” деп айтарым менен апам макул болду. Анткени өзү аябай жакшы ырдайт эле. Үнү укмуш болчу. Атамды деле жакшы көрчүмүн, бирок апамдын уулу болчумун.

– Сөздү уулуңуз Русланга бурсак, ырдап жүргөнү менен, шоу-бизнеске көп аралаша элек. Мүмкүнчүлүгү, даяр аты бар эмеспи?

– Уулум ырдап жүрөт. Атасынын баласы болуп канча жүрөт эле, өз жолун табышы керек. Азыр Орусияда чыгармачылык чөйрөдө жүрөт. Бир аз эрке, ошентсе да өз жолун тапканга аракет кылып жатат. Жакында жанына барам.

– Руслан Орусиянын ТНТ каналындагы долбоорго катышканда толкундандыңызбы?

– Аны мен билген да жокмун. Катышып жатканын айткан эмес, айтса учуп барып репертуарын өзүм камдап бермекмин. Бирок айткан эмес. Негизи анда баары жакшы, үнү мыкты, диапазону да кенен. Кам санабайм деле. Ырчы болгонго жараша эл сүйгөн ырчы болуш керек. Ошого даярданып жатат окшойт. Башка чөйрө да өз таасирин берет деп ойлойм.

– Күйөө бала жакшы болсо өз баладан артык дешет го, күйөө бала, небереңизден кеп салсаңыз…

– Эми күйөө бала менен сый мамиле. Качан барсам “ата” деп сыйлап турат. Неберем болсо өнөрү чыгып калган кези. Таята болгон зор да (күлүп). Үстүмө минип, бийлейт, ырдайт, ар нерсени кыла берет.

– “Сенсиз мага дүйнө караңгы” деген ырыңызды жубайыңызга арнадым дедиңиз эле. “Быша элек алча” кимге арналды болду экен? “Аялым бар, кыздарым бар, уулум бар” деп тиги кыздан аябай кечирим сурайсыз го.

– Ырда баары айтылып эле турбайбы (күлүп). Эми ал бир эле менин жашоомдо эмес, ар бир эркектин башына келген нерсе го.

– Сизден дагы эле “от болгон” ырларды күтөбүз, маегиңизге рахмат.

«Кичүү кызым да эжесинин изи менен баратат». БУЛАК:Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу