Райым-миллионду алты жыл пайдаланып, эми учурдагы бийликке жармаштыруудан Атамбаев эмне табат?

Экс-президент А. Атамбаевдин канча жүзү бар экенин таба билүү кыйын болуп калды көрүнөт. Негизи анын чукулунан эле пикирин өзгөртүп, өзүнө ылайыктуу, кызыкчылыгына төп келген кадамдарды жасап жибермей адаты бар экенин Бакиевдин заманында эле көрүп калганбыз. Ал учурдагы бийликке ашынган оппозиция болуп жүрүп эле, бир күнү Бакиевдин премьер-министри болуп бакыйып барып калганын жакшы билебиз да. Анан кайра Бакиевден «көчүккө жегенден» кийин оппозиция короосуна кайтып келген.
Эми болсо, өзүнүн президенттик доорунда алты жыл бою пайдаланып, жакшы эле миллиондорун алып калган Раим Матраимовду учурдагы бийликке жармаштыргысы келип жүрөт. 31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында да «Бюджетке болжол менен 10 млрд сомдон ашууну акча түшпөй калыптыр. Ошондон улам мен премьер-министр Сапар Исаковдон аны кызматтан алууну катуу өтүнгөм», — деп чыккан А. Атамбаев.
Ошондон бери карай интернеттеги социалдык түйүндөрдө, маалымат каражаттары аркылуу Райым миллионду азыркы бийликке жармаштыруу аракети жасалууда. Бирок, реалдуулукта Р. Матаримов азыркы бийликтин эмес, А. Атамбаевдин өзүнүн көздөй кадры болгонун кантип танат?
А. Атамбаевдин үзөңгүлөш досу, саясатта бир топ жылдар чогуу жүрүшкөн Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарынын бирине Р. Матраимовду А. Атамбаев өзү Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин өстүрүп алып келгенин билдирген. «Мен ошондо эле айткам, Оштон жумуштан айдалган кишини бул жактан 400бү же 700 миңби алып туруп, кайра жөнөтүпсүң Кулматов экөөү. Бул эмне кылганың деп айткам. Ошентип Оштон алып келип көтөрүп, орун басар кылып сактап жүрүп, эми түштөн кийин кыйкырып атканын мен түшүнгөн жокмун. Мен ошол убакта эле айткам, эмнеге Матраимовду коюп койдуң деп», — деген анда А. Бекназаров.
Ал эми Р. Матраимов өзү маалымат булактарынын бирине А. Атамбаев менен мамилеси абдан жакшы экенин, анын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматына келишине А. Атамбаев менен досу И. Илмияновдун таасири чоң болгонун айткан.
Мына ушул фактылар эле Р. Матраимов азыркы бийликтин эмес, экс-президент А. Атамбаевдин көздөй кадры болгонун далилдеп турат. Андыктан дээрлик алты жыл бою аябай пайдаланып туруп, минтип түштөн кийин аны коррупционер атап, башкаларга жармаштыруу аракети экс-президент деген статустун деңгээлин төмөндөтүүдө. Эгерде ал Р. Матраимовдун коррупционер экенин билсе, анда неге аны Бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин өстүрүп келди эле? Неге анын туура эмес иштерин мурдараак көргөн эмес? Же мөөнөтү аяктарына санаалу күндөр гана калганда көзү ачылды беле?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу