Райым-миллиондун акчасын Икрам алып туруптур

Атамбаев азыркы бийликти жамандаганда эле Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовду өлкөдөгү башкы коррупционер адам катары көрсөтө берет. Бирок, Райым-миллионду шоопуру экөө кызматка дайындаганы, бажыдан түшкөн акчадан “доля” алынып турганы тууралуу ооз ачпайт. Бирок, кимдин-ким экени бат эле билинип калат эмеспи. Азыр Атамбаев ким менен жолугушпасын “Райымден акча алган эмесмин. Көрсө, анын акчасын Икрам алып жүрүптүр” деп айтып жатканын кандай түшүнсөк болот? Икрам өз алдынча шефинин уруксаты жок иш кыла алат беле? Икрам акчаны алган экен да деп айтаарын айтып алган Атамбаев, бул сөзүнөн кийин да шоопуруна чаң жугузбай коргогонун кандай түшүнсө болот? Икрам да өз чындыгын айтып салбасын деп чоочулаганы эмеспи? Алыста башын калкалап жүргөн Илмиянов дагы “Кыргызстанга барсам Атамбаев мени курмандыкка чалып, камоо үчүн салып берет” деп келбей жүргөнү чындык окшойт.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу