Райымбек Матраимов кайрадан кызматка келеби?

6-августта Биринчи май райондук сотунун Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча чечимдин толук тексти өкмөткө келип түштү. Анда Матраимовдун мыйзамсыз кызматтан алынганы жана кайра кызматка коюу тууралуу айтылат. Мындай кабарды өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

“Юристтер документти алышып, соттун чечимине даттанууга даярданып жатышат. Бүгүн-эртең өкмөт башчынын кароосуна жөнөтүлөт”,- деп айтылат маалыматта.

Коомчулукта “Райым-миллион” деген каймана аты менен белгилүү болгон Р.Матраимовду экс-премьер С.Исаков кызматтан түшүргөн. Бирок, муну ал “шефи” Атамбаевдин буйругу менен жасаганы кийин айтылды. Басма сөз жыйынында Атамбаев Матраимовду бажыны сапырган коррупционер катары этап, С.Жээнбековго мындай деп кайрылган: “Эгерде сен коррупцияга каршы күрөшө турган болсоц, жаныңда Райым-миллионго окшогон досторуң болбошу керек”.

Бирок, Райымбек Матраимов мунун баарын четкен кагып, “шоопур” Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка барганын, КСДПга опол тоодой эмгек кылганын, эми гана атамбаевчилер аны эмнеге желмогуз көрсөтүүгө өткөнүнө түшүнбөй турганын жарыялаган. Кийин, Атамбаев кайра ага асылганда: “айта турган сөздөр көп”-деп кыйыткан.

Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы жетекчилиги Райымбек Матраимов иштеп турган убакта бажы төлөмдөрү көбөйгөнүн маалымат жыйынында билдиришкен.

Коомчулукта анткен менен “Райым-миллион” тууралуу тескери образ түзүлүп калганы анык. Буга бир чети Р.Матраимовдун басма сөзгө чыкпагандыгы себеп. Бирок, аны жакын билгендердин айтымында, бул инсан уурулукка малынбаган, таза иштөөгө умтулган жацы доордогу жетекчилерден… Ошондой болсо да, аны кызматка кайра коюшабы, жокпу, мезгил көрсөтөт…

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу