Райымбек Матраимовдун мүлкү текшериле баштады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришти. Бул маалыматты Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, текшерүү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Юристтер ошол эле кезде бул чечим аткарылууга тийиш экенин, Матраимов факт жүзүндө ишке бара ала тургандыгын билдиришкен.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет. Атамбаев ошондой эле Матраимовдорду «азыркы президенттин капчыгы» деп атаган эле.

Матраимов Алмазбек Атамбаев бийликте турганда сөз болуп жаткан кызматта иштеп, ал бийликтен кетип жатканда кызматтан алынган.

Кийин президент Сооронбай Жээнбеков атайын басма сөз жыйынында Райымбек Матраимовдун байлыгы жөнүндөгү журналисттердин суроосуна жооп берип, бул маселе териштирилерин айткан. Бирок анын кызматка кайра коюу маселесине комментарий берген эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу