Райхан Абдувалиева, ырчы: «Талкууга түшүп жаткан үч кабаттуу үйүм өзүмдүкү эмес, ата-энем салып берген»

Көптөн бери сахнада көрүнбөй калган ырчы Райхан Абдувалиеванын мындан бир аз убакыт мурда эле интернетке өзү жашаган үч кабаттуу үйүнүн видеосу чыгып, көпчүлүктүн талкуусуна алынды. Анда айрымдары жөнөкөй жүргөн эже го десе аябай бай аял турбайбы деп таң калгандары да болду. Бирок, баарына белгилүү болгондой эле ырчы эжекебиз көптөн бери ишкерлик менен алектенип, ал тургай сахнага кие турчу костюмдарын дагы өзү тигери белгилүү. Үч кабаттуу үй талкууга түшкөндө, көпчүлүктүн ар кандай суроолоруна өзү кайрадан байланышка чыгып, мындай деп жооп берди:

«Салам Кыргызым! Бул мен Райкан эжеңер!Бүгүн колум бошоп ар бир жазганыңарды окуп чыктым түнү..Рахмат убакыт таап жазганыңарга!⚘⚘⚘Мен үчүн ДУЙНӨ,АКЧА ички сезимимде жашабайт.Ушундай болорун билгем,ошол үчүн дайыма Эшигим камера үчүн жабык болчу.Азыр Элим кыйналып турганда Мактанычтын Кажети ЖОК!Билем.Көп жылдан бери суранышкан үчүн Макул болгом!🎥 Анча мынча суроолорго жооп жазып коеюн деп туура чечтим.🎵🎶♩🎤Бул ҮЙ- меники эмес АТА ЭНЕМДИН ҮЙҮ! Убагында Бардыгыбыз чогу жашаачубуз. Алтындай болгон Эки канатым ИНИЛЕРИМ-үйлүү жайлуу болуп бөлүнүп кетишти. Кызымды турмушка бердик (Үй бүлөсүү менен Москвада жашашат)👪Ашып ташып кеткен байлыгым деле Жок,болгону Апам салып берген Үй🏠.Биздин үйбүлөө Бир кана Эмгек менен НАН таап  келебиз. Мени сахнада тааныбагандарга айтарым-1987жылдан бери Чоң сахнада иштеп келе жатам.Алты жашыман комузда ойноп,муз.окуу жайында окуп, Консерваторияны бүтүргөм.Акыркы жылдары сахнадан алыстаганымдын себеби Элиме кичине болсода Керегим тийип — иш менен камсыз кылайын деп өндүрүш бирикме ачтым АПАМДЫН КОЛДООСУ МЕНЕН.💖 Менин мактоо баракчаларым Иш канамдын үчүнчү кабатында илинип турат,сиздер көргөн дипломдор батпай калгандар.Эмгексиңирген Наамды ала элекмин.Эки жолу док.өткөргөм 10-жыл мурун Акча сурашкан.Элге кылган эмгегимди Акчага сатып алгым келген Жок!🎵🎶♩🎶🎤Колумду артыма алып алган себебим-Оң колумда микрофондун аккумуляторун карматып коюшкан.🎤🤗Эски телевизор 📺болсо АПАМДАН калган.📢Менин жеке жашоом Ал мага кана тийиштүү,Эч кимдин акысы жок жазганга.Мыйзам бар унутпайлы.!⚘💝Өмүр бою- Кайрымдуу иштерди кылып келем бирок Элге жарыялабайм Кудай Кубө! Ар бир адам артынан Жакшы из калтырыш керек деп ойлойм.!Азыркы учурда Кыргызымдын Мыкты Уулу АЗАМАТ БАЙМАТОВ иним менен Сооп иштерин кылып келебиз!АЛДЫДА ЧОҢ МАКСАТТАРЫБЫЗ БАР!Урматым менен Абдувалиева.Р.А⚘⚘⚘».

БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу