Райондук сот Райым Матраимовду кызматына кайтаруу өкүмүн чыгарды

Экс-бажычынын доосун судья Алмаз Калыбаев караган.

 Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырды. Бул туурасында анын жактоочусу Татьяна Карыжынская билдирди.

Экс-бажычынын доосун судья Алмаз Калыбаев караган.

Адвокат Татьяна Карыжынская Матраимовду азырынча кызматына кайтарылды деп айтууга эрте экенин белгилеп, кийинки инстанцияда каралып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Сот биздин доо арызды канааттандырды. Эми чечим күчүнө киргенден кийин ал өз кызмат ордуна кайтадан келет. Бирок азырынча бул тууралуу айтуу эрте. Сот доо арызды гана канааттандырды, эгер оппоненттер соттун өкүмүнө макул болбой даттанса кийинки инстанциядагы сот болот», — деди адвокат.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков «ишенимден чыкты» деген жүйө менен аны кызматтан алган Кийин Исаков кызматтан кеткенден кийин Матраимов «негизсиз иштен алынганын» айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра өзүнүн кызматына турууну сураган болчу.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу