Райондук соттун мурдагы төрайымы камакка алынды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, 22-декабрда Биринчи май райондук соту Жаркееванын бөгөт чарасын карап, 12-январга чейин камоо жөнүндө чечим чыгарды. Мурдагы сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

Октябрь айында Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан алынган. Кийин Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин козгогон. Ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз чечим чыгарган» деп айыпталууда.

Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган. Башкы көзөмөл органы ошол доо арызды жазган кытайлык жарандын өзүнө карата мурда Кыргызстанда “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, ал издөөдө жүргөнүн белгилөөдө.

Жаркеевага карата козголгон кылмыш иши УКМКга тергөөгө жөнөтүлгөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу