Райондук милициясы атайын операциянын жыйынтыгында шектүүлөрдү колго түшүргөн.

Баткен облусунун Кадамжай районунун милициясы кызды уурдады деп шектелгендерди кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

20-декабрда райондук милицияга Өзбекстандын жараны кайрылып, анын кызын белгисиз бирөөлөр уурдап, 31 миң доллар талап кылып жатканын айткан.

Иликтөө учурунда кыздын телефону өчүк экени жана ал чек арадан өтпөгөнү аныкталган.

«Алдын ала маалымат боюнча ниети каралар кызга телефон чалып, аны алдап чек арадагы тосулган бир жайга алып келишкен. Аны күч колдонуп машинага салып, Кадамжайга алып келишкен. Кызды мыйзамсыз түрдө кармап турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышкерлер кыздын жакындарына Кадамжайдагы чек арага жакын жерден жолугушууну сунуштап, акчаны алгандан кийин гана аны коё берерин айтышкан. Шектүүлөр Hyundai автоунаасы менен келип, туугандары менен сүйлөшүп жатканда милиция атайын операция уюштурган. Анын жыйынтыгында үч киши кармалып, уурдалган кыз анча алыс эмес жерде турган жеңил автоунаадан табылган.

Кармалган жарандар Кадамжай районундагы айылдардын биринин 19, 21 жана 28 жаштагы тургундары экени аныкталган.

Кылмышка тиешеси барлар учурда изделип жатат. Алдын ала маалымат боюнча кылмыш бизнестеги пикир келишпестиктин айынан жасалган.

БУЛАК:SPUTNIK.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу