Райкан Абдивалиева: “Кайрымдуу иштерди жасап кубанып турам…”

Белгилүү ырчы Райкан Абдивалиева акыркы күндөрү чыгармачылык менен катар кайрымдуулук иштерин да жасап жатканы коомчулукка белгилүү. Райкан айымдын чыгармачылыгы жана жасап жаткан кайрымдуу иштери тууралуу zaman.kg маалымат агенттигине маек курдук.

— Учурда чыгармачылыгыңызда эмне жаңылыктар бар, ушул тууралуу маалымат берсеңиз?

-Чыгармачылык жаатта көп эле жаңылыктар бар. Быйыл күзүндө эл алдына отчеттук концерт берейин деп жатам. Азыр эки-үч клип тартканга даярдык көрүп, жаңы ырлардын үстүндө иштеп жаткан учурум. Ушул жылы чыгармачылыкта жаңыланууну ойлоп, пландадым.

-Акыркы мезгилдерде кайрымдуулук иштер менен алектенип жүргөнүңүздү көрүп жатабыз. Бул ишке берилгениңизге эмне түрткү болду?

— Негизи мен өмүр бою эле адамдарга колумдун келишинче жардам бергенге аракет кылчумун. Бирок аны эч кимге айтчу эмесмин. Бул менин жүрөгүмдө жасап келген ишим, дагы деле уланта берем. Азыркы учурда “Кайрымдуу бол” фондунда иштеп калган себебим да Кудайдан го дейм. Анткени азыр бул фонддо кандай иш кылбайлы аны элге отчет берип, элден түшкөн акча кайда кетип жатат баарын маалымдап турушубуз керек. Учурда боор оору менен жабыркаган жарандарыбызды чет өлкөгө Индига, Түркияга операцияга алып барып жатабыз. Кудайга шүгүр азыр биз көптөгөн мекендештерибиздин өмүрүн сактап, жашоосун оңдоп биздин катарга кошконго көмөк көрсөтүп келатабыз. Негизи “кайрымдуу бол” фондунун жетекчиси Азамат Байматов экөөбүздү да Кудай жолуктурду деп ойлойм. Орозо учурунда биздин чыгармачыл адамдарды ”Кайрымдуу бол” фонду ооз ачууга чакырган. Ошол жактан Азамат менен таанышып, жолуктук. Алар биздин бекер дүкөнүбүз бар, имаратыбыз жок ошол дүкөн иштебей турат деп айтышты. Менин үйүмдө бир жерим бар, кааласаңар көрүп кетиле деп сунуштадым. Азамат эртеси күнү эле Салима Балтаева экөө келип көрүшүп, тез эле көчүп келишип, ошол жерде бекер дүкөндү ачтык. Анын артынан да көп иштер жасалды, азыркы учурда Азамат иним мени оң канатына алып, чогуу иштешип калдык. Бул фонд менен эмне иштерди жасап жатканыбыз сайтта, ютубда көрсөтүлүп турат. Жүрөгүмдөн, жан дилимден кайрымдуу иштерди жасасам сүйүнүп кубанып турам.

-Кайрымдуулук жасаган жакшы иш эмеспи, учурда Кыргызстанда кайрымдуу адамдар көппү?

— Менин баамымда кайрымдуулукка кол сунгандар абдан көбөйө баштады. Көбүнчө намаз окугандар көп кайрылат, чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиз абдан чоң жардам беришет. Көбүнчө операция боло турган ар бир адамга 30-35 миң доллардан жыйнайбыз. Бул Кыргызстан үчүн өтө чоң сумма, абдан кыйын жыйналат. Ошондо жардамга чет өлкөдөгү мекендеш кыргыздар кол сунушат. Бул абдан кубандырат, Кудайга шүгүр. Менден да: “Райхан эже, мурда элде боор оору деген бар беле же акыркы кезде эле көбөйүп кеттиби?” деп көп сурашат. Албетте, мурда деле бар болчу, бирок аз болчу. Азыр көбөйгөндүн себеби, биздин тамак-ашыбыздын туура эместиги, Кытайдан келген ар кандай химикаттардан жасалган азыктарды колдонгон үчүн, туура эмес тамактангандын артынан абдан көп оорулар пайда болуп жатат. Оорунун баары стресстен жана туура эмес тамактануудан. Мени кубандырган нерсе күндөн күнгө кайрымдуулук жасаган туугандарыбыз көбөйүүдө, ылайым эле көбөйсүн. Негизи кол сунуп, жан дили менен жардам берген көпчүлүк мекендештерибиз атын атабаса деп суранышат. Ушул күндө Кыргызстанда кайрымдуулуктун жолу бийиктеп, тамырлап жатат, кайрымдуу адамдар көбөйүп жатканы кубандырат.

— Сиздин кайрымдуулук менен алектенип жатканыңызды көргөн айрым бир тааныбаган эле адамдар жардам сурап кайрылышабы?

-Азыркы жашоодо бир гана биз эмес бардыгыбыз кыйналып жатабыз чынында. Мен деле убагында катуу кыйналгам, бирок эч кимге билгизген эмесмин. Азыркы учурда деле менде көп көйгөйлөр бар, ошого карабастан аракет жасап, ушул ишимди аткарам. Тааныбаган жарандарыбыз көп жардам сурашат. Биз бардыгына жетишпей жатабыз. Азамат жүрөгү таза, назик жигит. Ал дайыма жардам бергиси келет. Бизге жардам сураган кайрылуулар абдан көп. Бирок ошонун бардыгына жардам бергенге жетише албай жатабыз. Ошондуктан кечирим сурайбыз, баарына эле жардам бергибиз келет, бирок колдон келбей жатканы өкүнүчтүү.

-Сиз кызыңыз тууралуу интернет баракчаңызга айтып каласыз, небереңиз, үй-бүлөңүз, жеке жашооңуз жөнүндө айтсаңыз?

-Кызым Кудайга шүгүр мен ойлогондой акыл-эстүү болуп чоңойду, азыр ишкер. Учурда үй-бүлөсү менен Москвада жашайт, татынакай жолдошу, уулу бар, алар канчалык бактылуу болсо мен да аларды көрүп, бактылуу таенемин. Кудайга шүгүр үй-бүлөм, туугандарым, неберем, бардыгы бар. Мен ошолор менен бактылуумун. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык болсо бардыгы жайында болот.Ар бир адамдын жеке турмушу ал өзүнө гана таандык деп ойлойм. Мен өзүмдүн кесиптештеримдей болуп жеке жашоомду элге коюп, минтип жашап, тигиндей машина айдап жатам деп айткандан алысмын. Кудайга шүгүр үй-бүлөм баары түптүү ошого ыраазымын. Ар ким өз жашоосунда жашап, а коом үчүн көп жакшы иштерди жасаш керек.

-Сизге турмуш эмне сабак берди жана жашоодо сынбаш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

— Жашоо өзү сыноо деп ойлойм. Кандай гана кыйынчылык болбосун аны жеңе билүү бул оңойго турбайт. Жашоомдо канчалык кыйынчылык келсе мен ошончолук катуу иштейм. Алдыга койгон максатыма күндөп-түндөп жетем. Биз эч качан сынбашыбыз керек. Жашоодо ар кандай нерселер болот. Кыйынчылык учурда ыйлап жатып алганда сага эч ким жардам бербейт. Ошондуктан ар бир өзүнүн жашоосу үчүн туура жолду тандап, күрөшүү, күчтүү болуш керек. Эгер сен күчтүү болбосоң күчтүүлөр келип сени болушунча тепсеп, бул жашоодон адаштырат. Ошондуктан мен ар бир адамга каалайт элем, үй-бүлө, эли үчүн колдон келишинче акылыбызды, эмгегибизди аябай, жакшы ийгиликтерге, күндөргө бирге барышыбыз керек.

— Азыркы жашооңуз сиздин кыялыңыз беле? Дегеле сиздин кыялыңыздын канча пайызы ишке ашты деп ойлойсуз?

-Мен кичинемде эмнени ойлосом ошонун баарына жеттим десем болот. Жеткеним ошол кыргыз элимдин оозуна алынып, көп эмгектерим менен таанылып отурам. Мен ойлойм ушунун баары эле кыял болчу. Эми менин кыялымда “Кайрымдуу бол” фонду менен биргелешип кыргыз элим, мекеним үчүн абдан жакшы көп пландарыбызды ишке ашыруу. Мисалы, биздин фондго эки-үч кабат кеңсе салынганы турат. Бизди фонд десе эле буларда акча көп деп ойлошот. Негизи фонддун каражаты азыркы учурда жок десем да болот. Бизди эл колдойт. Мисалы ооруп жаткан жарандарга өздөрүнүн гана телефон номерлерине счетторун ачабыз, түшкөн каражат бир сомдон бери өзүнө гана түшөт. Чет өлкөгө операцияга барганга дагы мекендештерибиз билет алып беришет. Арабызда ушундай жакшы инсандар бар. Мисалы фондго кеңсе салалы десек өздөрү биз салып берели, баштагыла деп жатышат. Буюрса жаз алды менен баштайлы деп жатабыз. Андан сырткары ошол кеңсенин жанына дарыкана салалы деген пландарыбыз бар. Ал дарыкана боор, жүрөк сыяктуу ар кандай дартта ооруган, жалаң дары менен гана жашаган жарандарыбызга дарыларды чет өлкөдөгү өз баасы менен алып келели деген пландарыбыз бар. Антпесе оор операция болгон адамдардын дарысы чет өлкөдөн келгенче абдан кымбат болуп кетет экен. Мунун жолун таптык десек да болот. Дарыкана ачылса эле иштей баштайт. Андан сырткары демөөрчүлөрдү таптык. Гемодиализ алуу да абдан кымбат экен. Бул гемодиализди да бекер алганга шарт түзөлү деп атабыз. Андан башка да көп пландар бар. Бекер дүкөнүбүздү да чоңойтолу дейбиз. Майыптар,колунда жоктор үчүнүч кабат үйсалалы деген жакшы пландар бар.Биздин фонд Кудайга шүгүр өткөн жылы 20 үй-бүлөгө үй салып бердик. Биздин фондду сыйлаган элдин кол сунуулары менен бир айда беш адамды 150 миң доллар жыйнап Индияга алып барып, өмүрлөрүн сактап калдык. Айтсак ийгилигибиз абдан көп. Элдин кол сунуусу күчтүү. Элибизге ынтымак каалайм, биргелешип Кыргызстаныбызды көтөрөлү. Кыйын акыбалдан чогуу чыгалы, жакшы күндөргө бирге баралы.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу