Раиса Атамбаева менен Ирина Карамушкина Түркияда кандай план түзүп жатат?

Айрым маалымат булактары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын шашылыш Түркияга учуп кеткенин жазып чыкты. Жеке булактарыбыздан такталгандай, Раиса айым 8-ноябрда Бишкекти таштап чыгып кетиптир. Экс-ханайымдын кандай максатта Түркияга кеткени азырынча маалымдала элек. Айрымдар аны кирешеси азайган үй-бүлөнүн кезектеги аракети катары баалап жатат. Эң кызыгы Раиса айымга чейин, тактап айтканда 5-ноябрда ЖК депутаты Ирина Карамушкина да ушул багыт менен Түркияга зуу койгон.

Экс-президент кызматта жүргөндө Шоопуруна гана таянып келсе, акыркы кездери Атамбаев дал ушул Карамушкинага ишеним артып, аны тирек кылып жүргөнү маалым. Айта албаган сөздөрүн да Карамушкинанын оозу менен айттырып, кыскасы Ирина айым АША үчүн миңдин бири болуп калган. Ушул багыттан алып караганда Карамушкина менен Раиса айымдын Түркияга ээрчишип чыгып кеткени кызык. Уюшкан кылмыштуу топтордун уюгу, контрабанданы көзөмөлгө алган жер саналган мамлекетке экс-президенттин эң жакын эки айымынын сапар тартышы көптөгөн суроолорду жаратууда. Булар эмненин үстүнөн чыгарын убакыт көрсөткөнү калды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу