Раиса Атамбаева Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке кетти

24-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева өзбек президентинин аялы Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткен.

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлдөрү кабарлашты. Алар «буга чейин жылуу мамиледе болуп келгендиктен Мирзиёева жеке чакыруу жөнөткөн» деп билдиришти. Бирок Раиса Атамбаева кандай иш-чараларга катышары белгисиз. Экс-президенттин аялы 28-мартта кайтып келет.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы сыртка чыгып кеткени социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу