Раиса Атамбаеванын Түркиядагы “жортуулу”…

Мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Түркияда болуп кайтканы белгилүү. Ушу тапта экс-лединин маанайы салыңкы, кабагына кар жаап калган дейт. Мындан улам, анын Түркияга сапары ийгиликсиз болгонун божомолдой берелиби? Жеке булагыбыздын кабарлашынча, АШАнын Түркиядагы бизнеси кризиске кептелиптир. Түрк лидери Эрдогандын Атамбаевге болгон мамилесин эске алганда, бизнес маселеси да кыйынчылыкка кептелери турган иш эмеспи. Андай болсо экс-президент Түркиядагы бизнесин кайсы жакка которор экен: Татарстангабы же Кытайгабы? Биздин тиешелүү органдар ошол бизнестердин таржымалын иликтеп, эгер алар Кыргызстандан уурдалган миллиондорго түптөлгөнү далилденсе, артка кайтарып алыш керек. Бул мезгил талабы.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу