“Раим миллион” тоногон миллиондор же аны ким тыят?!..

 

Баарына белгилүү Акаевдин убагынан бери бажы кызматында коррупция болуп келет. Р.Матраимов Ош бажысында, кийин түштүк региону боюнча башчы болуп турганда, коррупциянын  жетер жерине жеткенин депутаттар көтөрүп чыкты. Анын кол алдында орун басар болуп акча чогултуп жүргөн адамдар  бажы кызматын, калгандары башкармалыктарды, ошол эле аэропортто башчы болуп, коррупцияны республикага жайылтып жатышат. Раим орун басар болгону менен, бирок бардык кадр жана финансалык иштерди көзөмөлдөп тураарын айтып келишет. Бүгүнкү күндө Эркештам постунан ар-бир унаадан 5 миң доллардан бир күндө 300 миң Америка доллары чогултулат. Өздөрүнө караштуу 5 фирма товар ташыйт. Негизинен кытайдан Кыргызстанга чыккан товарлар Кыргызстанга киргенде бардык документтер жасалмаланып Өзбекстан, Таджикстан, Казахстан жана Россияга чыкты болуп, транзит катары көрсөтүлүп, бирок товар Кыргызстанда калаарын бир-топ ММКлар жазып чыгышты. Ошентип, бажы төлөмдөрү төлөнбөй, ордуна транзит үчүн болбогон акча төлөнөт. Акча жасоонун башка бир жолу депутаттар айткандай топурак деп көрсөтүлөт, бирок тарифи жогору болгон теле радиоаппаратуралар, мобилдик аппараттар жана башка тарифи жогору товарлар тарифи аз товарларга өзгөртүлөт, документтер жасалмаланат.

Бул боюнча парламентте Спикер баш болгон бир-топ депутаттар айтып чыгышты. Ал үчүн түштүк регионундагы бардык инспекторлордо компьютер, атайын бланктар, штамп, печаттары бар. Кытайдан чыккан товарлардын кытай берген маалыматы менен Кыргызстандын маалыматынын дал келбегени ушундан. Кыскасы кытайдан чыккан товардын жарымынан көбү ушинтип жок болуп кетет. Андан сырткары кирген чыккан товарлардан өздөрүнүн ставкалары бар. Бул иштерди баары билет, мурда акчанын көпчүлүгү Кулматовго барып турган, азыр Илмияновго барат. Өкмөт билет, ошондуктан  премьер болоору менен Раимдин картасы боюнча Башчылыкка Сулаймановду, калган башкармалыктарга өз кишилерин коюшкан. Өкмөт башчы катары Жээнбековдун бул ишти текшерүүгө албаганы, эч кандай чара көрбөй жатканынын сыры ушунда экени эл арасында айтылууда.

Эсептеп көрө бергиле, бир күндөгү тапкандары 300 миң доллар болсо, 1 айда 9 000 000 доллар, 1 жылда 90 000 000 доллар же 6 млрд 210 млн сом уурдалып жатат. Раим иштеп келе жаткандан бери Кыргызстандын 1 жылдык бюджетинин жарымы уурдалып жатканы тууралуу айтылса да, бир киши унчукпайт. Ал көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, Илмиянов аркылуу кадрларды чечип жатат. Ошондон улам кандай гана маселе болбосун Атамбаев эмес, биз чечебиз деп ачык эле айта башташканы каңкууланууда. Атамбаевди ушундай абалга алып келген да ушулар, бирок ал айланасынын айткандарынан чыга албай “заложник” боюнча калат окшойт. Дача Су айылына кулап түшкөн, бүгүнкүгө чейин изи чыкпай жаткан жүк сыяктуу бир канча мыйзамсыз товар ташууларды Раим Матраимов ишке ашырып келгени тууралуу айың кептер бар. Учурунда Оштогу бажы аркылуу мыйзамсыз жүк алып кирүү аркылуу миллиондорду чогултса, эми борборго Бажы кызматына келип алып бажыдан өткөн мыйзамсыз товарларды көзөмөл кылып жатканы боюнча эл оозунда айтылып жүрөт.

Бажыдагы коррупциялык схемалар парламенттин ыйык трибунасынан көтөрүлсө дагы,өлкө башчы  Атамбаев эч кандай реакция кылбай келет. Эгер коррупция менен аёсуз күрөшөм деген Атамбаев Бажыдагы коррупциялык иштерди көзөмөлгө алып, ал жактагы коррупционерлерди таап чыгып, кылмыш ишин козгоп буларды кустурса, өлкө бюджетине опол тоодой акчаларды кайтармак. Эгер аларды кустурса, кайтарылган акчага Кыргызстан 3,5 млрд тышкы карызынан кутулуп, калганына 100 мектеп, 100 оорукана, 100 бала бакча, 100 маданий жайлар курулуп, мындан тышкары пенсионерлердин пенсияларын, мугалим-доктурлардын айлык маяналарын көбөйтүп бир топ социалдык муктаждыктар чечилмек. Ошол эле Коргоо кеңешинин Төрагасы Темир Жумакадыров реформатормун, коррупциялык схеманы жок кылдым деп төш какпастан, реформаны Бажы кызматынан баштабайбы?  УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коргоо кеңешинин төрагасы Темир Жумакадыров Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы ачыкка чыгарып, “Райым миллионго” окшогон коррупционерлерди кармап, мыйзам чегинде жазаласа биринчиден башкаларга сабак болмок, экинчиден Атамбаевге, бийликке аброй алып келмек.

Атамбаевдин бийлигин жек көрсөтүп, элдин байлыгын тоногон Раим Матраимовду ким тыят? Же, миңдеген карапайым элдин энчисин жеп, камалбай сайрандап жүрө береби?

Булак: argument.kg

https://www.youtube.com/embed/cMn9o5ljWhA” frameborder=”0″ allowfullscreen>

https://www.youtube.com/embed/IaSIQeOQ4_o” frameborder=”0″ allowfullscreen>

Аргумент.kg
Жооп калтыруу