Раим миллион патриотпу же ашынган жегичпи?

Бүгүнкү күнү саясатты түшүнбөгөнүбүз да бир теманын артында катуу сөз кылганга өттүк. Ал узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин аты угулган кадимки Райым миллион темасы. Бирөөнү күнөөлөш үчүн айныгыс фактыларды алып чыгыш керек. Биз көп факты издеп убара болгон жокпуз. Болгону анын опсуз оокаттуу экенине көңүл буруудабыз. Бир жагын карасаң чын эле. Мамлекеттик кызматта жүргөн адам чынында андай дүнүйөнү кайдан жыйат? Өзгөчө белгилүү саясатчынын баласына өкүл ата боло калып, 200 миң АКШ доллар баасындагы автомобильди белек кылгандыгын мисал кылышууда.

Бирок экинчи жагын карасак эмне үчүн аны жеди деп кармап камай алышпайт? Айтор бул жерде өтө чоң суроолор бар. Мындан бир нече убакыт мурун ал жөнүндө коомдук ишмер шоу бизнес өкүлүнүн пикирине көңүл бурсак, алар Матраимовдун патриот экенин айтып кайрымдуулугун баса белгилешүүдө.  Ошол эле учурда эски мамлекет башчы жаңысына аны калкалап атат деп күнөө койгонго аракет жасады.  Бул  маселе президенттин маалымат жыйынында да козголду. Андан кийин Президент анын байлыктарын текшерткенге буйрук берээрин айтты.  Иши кылып Райымдын тегерегиндеги окуялар детективдүү фильмдин кульминациясындай эле өнүгүп баратат. Коомчулук мурунку ажого эмнеге өзү иштеп турганда бул маселени тыкыр текшерип чара көргөн эмес деп дооматын катуу коюууда.  Биз маалыматтарга таянсак бул Ош бажысындагы төлөмдөрдү бир нечеге өстүргөн мыкты уюштуруучу катары сыпатталат. Ошол эле учурда аны коррупционер катары сүрөттөөгө да аракеттер арбын.

Чын эле Райым миллион ким? Мыкты уюштуруучу патриотпу же алкымы ашынган жегичпи?  Дал ушул жөнөкөй эмес суроого Президент айткан текшерүү гана ачык жообун берчүдөй.  Күтө туралы..

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу