“Раим миллион” менен Сүйүн Өмүрзаковдун тиреши күч алды

Акыркы күндөрү Бажы кызматынын орун басары Раим Матраимовдун кулагы жалаң чуулгандуу иштерде көрүнүүдө.

Мындан беш жыл мурда Раим Матраимов Кара-Суу районунун Сары айыл өкмөтүнүн башчысы Баатыр аттуу жаранды, иниси Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовду тоготпой аны укпай койгондугуна байланыштуу ГУБОПтун кызматкерлери аркылуу 50миң доллар берип, Баатырды фальсификация аркылуу каматканы тууралуу ошол мезгилде эл арасында маалымат тараган. Учурда Раим Матраимов менен Сүйүн Өмүрзаковдун ортосун кара мышык аралаганы айтылууда.

Бул эки эрен бири-бирин чабууга аракет кылып жатканы каңкууланууда. Ал ортодо баягы адатынча Раим Матраимов Сүйүн Өмүрзаковдун ишенимдүү кадрларын четинен сындырууга өтүптүр. Буга далил өткөндөгү Оштогу Рашид аттуу милиция кызматкеринин кармалышы. Аны атайын уюштурулган “подстава” менен кармашкан. Бул операцияны Раим Матраимов ИИМдин дагы бир орун басары Данияр Абдыкаровдун жардамы менен, СБнын кызматкерлери аркылуу аткарыптыр. Мындан тышкары Сүйүн Өмүрзаковдун спортчу балдарын өзүнө тартып, Өмүрзаковго каршы айдактап жатканы тууралуу да маалыматтар айтылууда. Ортодо бейкүнө спортчу балдардын тагдыры менен ойношууда.

Ошентип Раим миллион акырындык менен Сүйүн Өмүрзаковдун кадрларына асылуу менен, Өмүрзаковдун айыгышкан душманына айланды. Өмүрзаков да төшүн каккан эрен эмеспи, Раим миллиондун мындай кылыктарына тиешелүү жооп берүүгө күчү дагы, кудурети дагы жетээр. Эки дөө кагышса, ортодо кумурска өлөт демекчи, бейкүнөө балдар жабыр тартып калбаса эле болду. Ал эле эмес арам жол менен тапкан жашылбайларын жумшоо менен, ИИМдин эки орун басарынын ортосуна от жагып, өзүнүн арам ойлорун ишке ашырууда.

Буга окшогон коррупционердин ушул күнгө чейин кызматынан алынып, кылмыш жообуна тартылбай жүргөнүнө таң бересиң. Жэ Президент менен Премьер-министр Раим миллионду коргоп, атайын калкалап жатабы? деген ойго келет экенсиң. Россия, Европада же болбосо коңшу мамлекеттерде мындай коррупционерлерди эчак эле кылмыш жообуна тартып, камап коюшмак. Ал эми бизде тескерисинче мындайларды алпештеп коргоого алууда. Адилеттүүлүк, чындык баары бир жеңет. “Кыңыр иш, кырк күндө билинет” демекчи, эртеби кечпи Раим Матраимов элдин ырыскысын уурдаганы үчүн жооп берчү мезгил келет…

Элдин ырыскысын уурдап байыгандарын жыргап кеткенин көрбөптүрбүз. Мыйзамдын бийлигинен качып кутулса кутулаар, алланын мыйзамынан эч качан кача албайт!

Рустамбек Алимов
Бул тууралуу Рустамбек Алимов соц тармактарга жазып чыкты

Аргумент.kg
Жооп калтыруу