Раим «миллион» менен Икрам Илмиянов кадр маселесин чечип баштаптыр

Белиглей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында айтылуу шоопур Икрам Илмиянов менен коррупция боюнча алдына киши салдырбаган Раим Матраимов (Раим-хамелеон) саунада  шайлоодо жеңип чыккандарын майлап эс алып жатып, алдыдагы кадрдык өзгөрүүлөр боюнча ойлорун ортого салышыптыр.

Икрам ошол жерден Сокени биз президент кылдык, ал өзү да жаш баладай аң таң болуп эле жатып калды. Ал эми Сокени мен торпок кезинде эле сүзүп койгом, ал биздин карек менен тең айланат, аны каалагандай башкарабыз, анткени анын ачкычы менин колумда” деп аябай күпүлдөптүр. Ал ортодо Раим миллион сөзгө аралашып “ооба Соке биз болбосок президент болбойт эле, президент болуу анын түшүнө да кирген эмес, ал биз үчүн куурчак каалагандай ойнойбуз, бирок анын бир туугандарын алыска айдап салышыбыз керек, эртең эле Асылбек баш көтөрүп чыгышы мүмкүн” деп балп этиптир.

Ал эми Икрам Илмиянов алар боюнча план түзүлгөнүн айтып, Жусуп Шариповду кайра эле Катарга элчи кылып жиберээрин, Жусуп Шарипов ал жактагы фонддор менен тыгыз иш алып бараарын айтыптыр. Асылбек Жээнбековго келе турган болсок аны да акырын элчи кылып айдап жиберебиз, эң престиждүү өлкө Германияга элчи кылып сооротуп койобуз деген таризде кеп козгошуп, уурулук жолдорун уланта беришерин айтышып ойда чер жазышыптыр.

Жээнбековдорду ынтымактуу үй-бүлө катары жана ыймандуу инсандар катары билебиз. Сооронбай Жээнбеков расмий президенттик ишке киришкен күндөн тарта уурулардын бал тилине арбалып кетпей, мамлекетти абийирдүүлүк менен таза башкарып, тескерисинче Бабановду коюп эң башкы коррупционерлер шоопур менен Раим миллионду жазага тартса эл алдындагы кадыр-баркы зоболойт эле. Эл дагы бул уурулардан эбак тажап бүтүшкөн. Жээнбековдон көптү үмүттөнүп, жаза баспайт деген ойдобуз. Эң башкысы Жээнбеков ээрге кыйшык олтурбай, түз олтурууга милдеттүү антпесе Акаев менен Бакиевдин кейпин кийип калышы толук мүмкүн.

Эмил Эрнис, журналист

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу