Раим Матраимов жакында камалабы?

 

Өмүрбек Текебаевди Россиядагы белгилүү аферист Маевский дегендин көрсөтмөсү менен камакка алды. Ал эми “Азаттык” радиосу баш болгон маалымат каражаттары 2 айдан бери “Раим миллиондун” коррупциялык схемаларын  жазып жатса дагы Раим Матраимовду сурап койгон киши жок. Раим Матраимов Кыргыз бажысын коррупцияга батырып, миллиондогон суммаларды мыйзамсыз жол менен уурдаган системаны негиздегени айтылып жүрөт. Мурда Ош бажысы аркылуу миллиондорду тоноп келсе, эми Бишкек бажысы аркылуу адатынча тоноп жатканы каңкууланып келет. Ал тургай жакында Дача Су айылына кулаган учактагы жүктөргө анын тийешеси бар экени тууралуу маалыматтар тараган. Көрсө, мындай мыйзамсыз келген жүктөр Раим Матраимов аркылуу кирет экен. Эгерде, самолет кулабаганда бул маалыматтар элге жетмек эмес.

Башкаларга маалымат айтыла электе кылмыш ачышат, Раим Матраимовдун кылы кыйшайбайт. Эгерде, мыйзам баарына тегиз иштегенде бул эргул эбак эле камалмак. Же, президент Алмазбек Атамбаев сөзүнө туруп, кетээр алдында мындай коррупционерлерди ала кетип, камакка салабы? Андай болсо Раим Матраимов биринчи болуп камалат. Уурулар камалса эл президент Алмазбек Шаршеновичке батасын берип, алкыш айтмак.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу