Раим Матраимов Бажыдан күнүнө 300 миң доллар уурдап жатабы?

Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Раим Матраимов Ош Бажысында, кийин түштүк региону боюнча башчы болуп турганда коррупциянын схемасын мыкты өздөштүргөнүн депутаттар бир канча жолу көтөрүштү. Негизинен Кытайдан Кыргызстанга чыккан товарлар Кыргызстанга киргенде баардык документтер жасалмаланып, Өзбекстан, Тажикстан, Кахакстан жана Россияга чыкты болуп транзит катары көрсөтүлүп, бирок товар Кыргызстанда калат. Ошол бажы төлөмдөрү төлөнбөй, ордуна транзит үчүн болбогон акча төлөнөт. Акча жасоонун башка бир жолу, депутаттар айткандай топурак деп көрсөтүлөт, бирок тарифи жогору болгон теле-радиоаппаратуралар, мобилдик аппараттар жана башка тарифи жогору товарлар тарифи аз товарларга өзгөртүлөт, документтер жасалмаланат. Бирок буга эч ким көңүл бурган жок. Раим орун басар болгону, баардык кадр жана финансылык иштерди өз көзөмөлүнө алганы айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө Эркештам постунан ар-бир унаадан 5 миң доллардан, бир күндө 300 миң Америка доллары чогултулаары, ал каражат Раим аркылуу өтөөрүн жазбаган маалымат каражаттары калбады. Эсептеп көрө бергиле, бир күндөгү тапкандары 300 миң доллар болсо, 1 айда 9 000 000 доллар, бир жылда 90 000 000 доллар же 6 млрд 210 млн. сом уурдалып жатат. Буга ким чара көрөт?

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу