Равшан Жээнбеков, саясатчы: «Ушак, калп маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына туура келбеген кадам»

Президент Алмазбек Атамбаев 15-март күнү Афганистан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д’Ивуар Республикасынын, Латвиянын, Эфиопиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним баракчаларын кабыл алып жатып бир топ саясатчылардын дарегине сын айтып, чымчылап өттү. Равшан Жээнбековдун дарегине президент тараптан “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?”- деген сөз айтылды. Президент өзү “жалган-жалаа жапканды, ушак таратканды токтотуш керек” деп айтып жатпайбы. Биз дагы президенттин айтканы чындыкка дал келиши керек деп эсептеп, өзү сындаган Равшан Жээнбековдун дарегине айтылган сөздөрдү түз суроо кылып узаттык. Баары чындыкты билүүгө тийиш эмеспи.

— Равшан мырза, президент элчилерден ишеним баракчаларын кабыл алып жатып сиз тууралуу “Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаев менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саясатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?» деп айтты. Президент айткандай Акаев менен кошо мамлекетти тоноп, канча байлыкка жеткенсиз? Так жооп берсеңиз.

— Президент Атамбаевдин өзү айткандай «сасыктыгына» эл дагы, оппозициялык саясатчылар дагы көнүп деле бүттүк да. КТР, ЭлТР жана 5-каналын пайдаланып ушак, калп, жалаа жана туура эмес маалымат таратып атканы президенттин кадыр-баркына, статусуна туура келбеген кадам. Ал киши минтип айтыптыр деп жооп кылыштын деле кереги жок.

Кыргызды коргогонго сиздин укугуңуздан кимдир бирөө ажыратканбы?

— Ар бир кыргыз жараны сөз эркиндигин, журналисттердин укугун жана эгемендүү массалык маалымат каражаттарды колдоосу жана коргоосу зарыл. Анын ичинде мен дагы. Биз бул баалуулуктарды жыргаганыбыздан коргобойбуз. Бул баалуулуктар биздин күнүмдүк турмушубуздун, социалдык-экономикалык абалыбыздын жакшырышына, бийликтин эффективдүү иштешине түздөн-түз тиешеси бар.

— Саясатчылар сасык жана жыттуу болуп бөлүнөбү? Сасыгына ишенбей жыттуусуна ишениш керекпи?

— Элден алыстап калганда мурдагы президенттер дагы оппозициялык саясатчыларды жамандап, камап баштачу. Атамбаев дагы алардын кейпин кийди. Убакыт, тарых кимдин кандай экенин эртели-кеч көргөзөт.

Булак: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу