Равшан Жээнбеков премьер- министр болуу үчүн Атамбаев менен соодалаштыбы?

Албетте, биз суроо катары жолдойлу. Кечээ Равшан Жээнбековду Алмазбек Атамбаев чакыртып, жолукканы боюнча кеп кетти. Экс-президент жакындан кызматташууну сунуштап, көптөгөн коомдук ишмерлер менен биригип атканын, сансыз акчасы, күчтүү телеканалдары, курч адистери жана политтехнологдору бар экенин жашырбастан, келечекке карай ишенимдүү кадам таштоо менен өлкө саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүну айттыбы?

Ал эми «мен оппозициянын лидеримин» деген Равшан мырза ар кандай комбинацияларга даяр экенин божурап, негизги максат катары өзүн премьер-министрдин креслосунан көрөрүн баса белгилегени ыраспы? Аягында Атамбаев көп нерсени убада кылып, Жээнбековду тез-тез жолугушуп турууга чакырдыбы? Кыскасы, экс-президент менен алдыда дагы бир топ саясатчылар жолугушууга даярданып жатышканын эшиттик.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу