Равшан Жээнбеков: “Биз Сооронбай Жээнбековго эмес, Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз”

Экс-депутат ага жаңы президент эмнеси менен көңүлүнө төп келерин түшүндүрдү, ошондой эле чуулгандуу камакка алуулар сериясына комментарий берди.
Экс-депутат Равшан Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу болгону жана анда оппозиция тарабынан лоялдуулук болоруна ишендиргени тууралуу тараган маалыматтын жалган экенин билдирди.
Vesti.kg менен маектешүүдө мурдагы эл өкүлү бул жөн гана ушак экенин белгиледи.

— Мен бардык оппозициянын атынан сүйлөй албайм, бирок балким алардын белгилүү бир көз караштарын мен да бөлүшөм, — деп белгилейт Равшан Бабырбекович.

– Биз экс-президент Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгонбуз, Сооронбай Жээнбековго эмес. Учурдагы мамлекет башчысына мен жалпысынан лоялдуу мамиледемин. Болбой калды дегенде анын айрым баштаган иштери менин көңүлүмө туура келет. Бул белгилүү бир коррупцияга каршы күрөшү, жарандык коом менен кызматташууга ниети, ошондой эле сөз эркиндигин колдоосу.
Сөзүнүн аягында Равшан Жээнбеков кечээки чуулгандуу камакка алуулар боюнча теманы козгоду.
— Бул нормалдуу, туура жана айрымдар соцтүйүндөрдө жазып аткандай өтө катуу эмес, — дейт экс-депутат. – Жалпысынан мен канааттандым. Себеби биз алган кредиттер эффективдүү эсептелген эмес жана тереңден анализденген эмес. Алардын көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде Датка-Кемин долбоору жана Ысык-Көлгө кеткен жолдун курулушунан уурдалган. Мындай жагдайда президентте экс-президенттин айланасындагыларга карата катуу чараларды көрүү гана калат. Башкысы, укук коргоо органдары эффективдүү иликтеп жана сотко төгүнгө чыкпай турган далилдерди көрсөтүшү керек. Ал эми сот өз кезегинде мыйзам менен акыйкат чечимди кабыл алышы керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу