Путин үйлөнөр-үйлөнбөсүн айтты

Учурда өлкө башчы жыл сайын өтүүчү иш-чаранын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

Абийир-парасаттуу адам катары качандыр бир кезде үйлөнүшүм керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтты.

Эскерте кетсек, учурда өлкө башчы жыл сайын өтүүчү иш-чаранын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Путин суроо салган журналисттин өзүнөн келинчегинин бар-жогун сурап, оң жооп алган.

«Аялы бар экен, мени дагы өзүндөй болсо деп жаткан окшойт», — деди Путин.

Президенттин бул сөзүнө залда отурган журналисттер күлүп жиберишти.

Путин «абийир-парасатуу адам катары качандыр бир кезде үйлөнүшүм керек» деген жообун отургандар кол чаап кубатташты.

Россиянын президенти менен болгон жолугушууга жалпы жонунан 1390 журналист аккредитациядан өткөн.

Владимир Путин президент катары алгачкы маалымат жыйынын 2001-жылы өткөргөн. Ал 2008-жылы журналисттердин 106 суроосуна 4 саат 40 мүнөт жооп берип рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Эскерте кетсек, 19-декабрь күнү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да жыл жыйынтыктаган биринчи маалымат жыйынын өткөрүп, бир топ суроолорго жооп берген.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу