Путин оорукчан баланын кыялын орундатып, тик учак менен шаар кыдыртты. Видео

Россиянын президенти оор дартка кабылган балдардын каалоосун аткарууга багытталган кайрымдуулук долбооруна катышты. Мунун жардамы менен Артем Пальянов аттуу бөбөк өзүнүн шаарын бийиктиктен көрө алды.

Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин тик учак менен Санкт-Петербург шаарын кыдырууну кыялданган Артем Пальянов менен жолукту. Бул туурасында Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Президент менен жолугушууга бөбөктүн атасы жана бир тууган агасы келген. Путин аларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктаган. Андан соң Артемдун кыялы орундалып шаарды тик учак менен кыдырган.5-декабрда Путин Ыктыярчылардын эл аралык форумуна барып, анын алкагында оор дартка кабылган балдардын каалоосун орундаткан «Мени менен кыялдан» кайрымдуулук долбооруна катышканы айтылат. Форумдун катышуучулары келген каттардын бирин тандап, анын ичинде жазылган нерсени ишке ашырууга жардам берет.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу