Путин менен Эрдоган кайсы маселелерди талкуулашты

Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Сирияда тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун талкуулашты. Эки лидер тең ок атууну токтотууга жана дипломатиялык аракеттер менен жаңжалды жөнгө салууга умтула тургандыктарын билдиришти.

Путин Сирияда жарандык адамдар үчүн коопсуз аймактарды түзүү идеясы кошумча иликтөөлөрдү талап кыла турганын белгиледи.

Өз кезегинде Эрдоган Түркия менен Орусия биргелешкен аракеттери менен Жакынкы Чыгыштагы абалга олуттуу таасир эте ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода мамилелерин жөнгө салуу тууралуу дагы сөз болду. Түркия Орусияны айыл-чарба азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюуга чакырды. Бирок Путин «объектидүү себептерге» байланыштуу айрым чектөөлөр калтырыла турганын айтты. Жооп катары Анкара Орусияны Түркияга буудай, жүгөрү жана өсүмдүк майын бажы төлөмүсүз алып кире ала турган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин чектөөлөр биротоло калбай турганын айтса, Эрдоган алар тезирээк алынат деген үмүтүн билдирди.

Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович жакынкы убактарда азык-түлүк жеткирүүгө киргизилген чектөөлөрдүн көбү алынарын билдирди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу