Путин менен Эрдоган жакында жолугуп, Сирияны талкуулашат

Орусиянын жана Түркиянын президенттери жакын арада кездешип, АКШнын Сириядагы өз аскерлерин чыгаруу тууралуу чечимин талкуулашмакчы. Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги жекшемби күнү кабарлагандай, Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу ушул айга пландалып жатат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки лидер жакын арада сүйлөшүү өткөрүүгө ниеттенип жатышканын ырастап, бирок кездешүүнүн күнү тактала элек экенин кошумчалады.

Соңку ирет Путин менен Эрдоган 1-декабрда «Чоң жыйырманын» Аргентинадагы саммиттинде кездешкен. Ал эми өткөн айдын этегинде эки өлкөнүн тышкы иштер жана коргоо министрлери Сириядагы абалды талкуулашкан.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия жана Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Буга чейин Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Израилдеги сапарынын жүрүшүндө Кошмо Штаттар Түркиядан «күрттөрдүн коопсуздугу камсыздалат» деп кепилдик алгандан кийин Сириядагы аскерлерин чыгарып бүтөрүн айткан.

Күрт кошуундары — АКШнын Сириядагы исламчыл экстремисттерге каршы күрөштөгү өнөктөштөрү. Болтон америкалык аскерлерди чыгаруу жараяны «Ислам мамлекети» террордук уюмунун Сириядагы калган жоочуларын жок кылууга байланыштуу болоорун баса белгиледи.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу