Путин менен Жээнбеков Айтматовдун үй музейине барды…

Орусиянын президенти Владимир Путин менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейге барышты. Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, жазуучунун уулу Элдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин үй-музей менен андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле Эстелик жазуулар китебине өз каалоосун жазышты.
28-мартта тар чөйрөдө жана кеңири курамда жолугушуу өткөндөн кийин эки мамлекеттин президенттери кызматташтык боюнча 17 документке кол койду.

БУЛАК:Чындык. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу