Путин келип кеткенден кийин Атамбаев кайрадан «саясий сахнада» бакылдайт…

Путиндин келеринин астында Атамбаев мамлекеттик резиденциясындагы үйүнө барып жатып алууга ниеттенгени, кайсы бир деңгээлде бийликке ыңгайсыздык жаратары боюнча тар чөйрөдө айтылган. Эгерде резиденциясындагы үйүндө болсо, Путин менен учурашып, кызык оюнду баштамак беле? Бул жагы Ак үйдөгүлөрдү кыйла кооптондуруп, баштарын тырматканы күбүр-шыбырга айланган… Негизи эле бийликке нааразычылык күчтөр Путиндин келип-кетишин күтүп атышканы, андан кийин ар-кандай акцияларга чыгышары айтылууда. Уюша баштаган жаңы оппозициянын көздөгөнү эмне болду экен? Атамбаев апрель айынын башы менен кайрадан ачуу сөздөрүн айтып, эгерде КСДПны тарттырып жиберсе жаңы партия ача турганы, ошого жараша коомчулукту дүрбөтүү амалынын жаңы табылгасын болжоп жатабы?.. Ошол эле кезде АШАнын саясый куугунтугуна кабылышкан жоон топ саясатчылардын армиясы каршы аттанышып, чекесинен сотко беришип, курч маанидеги пикирлерин байма-бай айта башташты…

Булак:Азияньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу