Путин Атамбаевдин ырлары жана мүнөзү жөнүндө…

Маекте Владимир Путин Алмазбек Атамбаев жөнүндө пикирин билдирген.

“Биз Алмазбек Атамбаев менен көптөн бери таанышпыз. Мен Россиянын өкмөт башчысы болуп иштеп
жүргөндө ,2011-жылы таанышканбыз” , деп билдирген В.Путин.

Владимир Путин Кыргызстандын президенти чыгармачыл, шаңдуу адам. Ал ырларды жазган.
Алмазбек Атамбаев ар дайым сөзүнө турган адам экендигин айткан.

“ Кээ бирде аны менен сүйлөшүп, макулдашуу кыйыныраак. Эгерде бир нерсени макулдашсак ал
ошону толугу менен аткарууга акырына чейин барат. Мен дагы өзүм тараптан ошону кылганга аракет
кылам ”, деп айткан Владимир Путин.

Журналисттин “Алмазбек Атамбаев менен тыңчылыкка бармак белеңиз” деген суроосуна Владимир
Путин: “Мен көптөн бери тыңчылыкта иштебей калганмын. Бирок биз тыңчылыктай эле көйгөйлүү,
маанилүү маселелер менен алектенебиз. Ал мамлекеттик жумуштар. Жыйынтыгы жакшы эле болуп
жатат”, деп жооп берген В.Путин.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу