Путинге «кол салууга камынган» казакстандык ырайым кылууну суранууда

Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турган кезде ага кол салууга
камынган деген айып менен соттолгон Казакстандын жараны Илья Пьянзин Орусия
президентинен ырайым кылууну суранды. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазды.

2013-жылы күзүндө Москва соту 33 жаштагы Пьянзинди Путинге кол салууга аракет
кылган деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал 2012-жылы чеченстандык Адам
Осмаев аттуу жаран менен бирге Украинада кармалган. Анда Киевдеги батилердин
биринде колго жасалган жардыруучу зат жарылып, дагы бир чеченстандык жаран Руслан
Мадаев каза болгон. Кармалган Пьянзин менен Осмаев Путинге кол салууга камынып
жаткандыктарын моюндарына алышкан. Бирок кийинчерээк экөө тең ал
көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аларга басым жасалганын айтып чыгышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2011-жылы Украинанын аймагында жүргөн Пьянзин
Орусиянын президенттигине талапкерлигин койгон Путинге кол салууну көздөгөн топтун
курамына кирген. Алар Москвада Путиндин кортежи бараткан маалда мина коюлган
унааны жардырууну пландашкан.

Пьянзин Орусия тарапка өткөрүлүп берилгенден көп өтпөй прокурорлор менен
кызматташууга макулдугун берип, күнөөсүн моюнуна алган. Осмаевдин Орусияга
экстрадицияланышын Адам укуктары боюнча Европа соту токтоткон. Ал Осмаевди
мекенине саясий себептерден улам өткөрүп бербөөнү сунуштап, ал Украинада калган.

Илья Пьянзинанын жубайы Марина Пьянзинанын айтымында, күйөөсүнүн өтүнүчү
Самара облусундагы абактын жетекчилигине ушул жылдын май айында берилген.
Документтер бир нече күн мурда облус губернаторунун алдындагы ыйгарым берүү
маселелери боюнча комиссияга келип түшкөн.

«Коммерсанттын» маалыматына караганда, Пьянзиндин өтүнүчү боюнча комиссия дагы,
Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматтын Самара облусундагы
башкармалыгынан да түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу