Профессор Алыбек Акуновдун «Кыргызстан эгемендик доорунда» аттуу китеби жарык көрдү

Тарыхкка таасын талдоо жасалган китеп Тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун «Кыргызстан эгемендик доорунда» деген аталыштагы китеби жарык көрдү.

Албетте, азыр өлкөбүздө күн сайын ар кандай багыттагы китептер жарыкка чыгууда бирок алардын мазмуну кандай илимий, көркөмдук ж.б. жактан талапка жооп береби ал башка кеп. Айрым китептердин мазмуну да, көлөмү деле талапка жооп бербей эптеп эле баланча китеп жазыптыр деп өзүн тааныткысы келген максатта болуп китептин сапаты окурмандарды ирээнжиткен учурлар көп кездешет. Андай китептер жарыка чыккан менен окурмандан өксүп, чаң басып кала берээри чындык.. Аталган китеп тарыхий, илимий жактан ат көтөргүс салмактуу эмгек болгонун белгилей кетүү маанилүү. Китепте Кыргызстан эгемендикке жетишкенден баштап азыркы күндөргө чейин болуп өткөн тарыхий окуялар хронологиялык жактан берилип жана ал окуяларга карата илимий, интеллигенциянын өкүлдөрүнүн басма сөздө, башка маалымат каражаттарда чагылдырылган пикирлер, талдоолорго кеңири орун берилген. Көпчүлүк китептерде автордун пикири басымдуулук кылып, автор өз пкирин таңууланган учурлар көп байкалат. А.Акуновдун аталган китеби эксперт адистердин, журналистердин, коомдук ишмерлердин пикрлерин кеңири колдонгону менен маанилүү. Автор Кыргызстанда саясат таануу илимине чыйыр салган илимпоз катары саясий окуяларга объективдүү талдоо жасаганы жана саясий окуялардын, процесстердин көмүскө жактарын ачык айтып, айрым үлкөн саясатчылардын эл билбеген калпыс кадамдарына токтолгон. Китептин дизайнын да өзгөчө белгилөөгө болот. Китептин сырткы жасалгасында кызыл-тазыл жеңил өң-түс колдонулган эмес. Болгону ак менен кара түстүн айкалышынан турат. Дал ошол эгемендике ээ болгон жылдардан бери саясатта, коомдук турмушта ар дайым ак менен каранын күрөшү болуп келгени белгилүү. Көлөмү дээрлик 38 басма табак 8 шриф менен басылган эгер көпчүлүк китептердей 10, 14 менен басылса китептин көлөмү өзгөчө чоң болуп бир китепке сыймак эмес. Кыскасы Аалыбек агайдын авторлугунда жарык көргөн китеп соңку кыргыз тарыхы боюнча энциклопедия деп айтсак болот. Мындай көлөмү боюнча, мазмуну боюнча да сапаттуу китеп жазган авторлор УИАнын академиги, анык мүчөлүкө көргөзүлчү. Авторго бекем ден-соолук каалайм, мындан ары да эл үчүн, илим үчүн ак кызмат өтөп дагы да салмактуу эмгектерди жарата беришине тилектешмин.

Чолпонбек Сыдыкбаев Илимдин кандидаты, доцент

Аргумент.kg
Жооп калтыруу