Прокурордун өлүмүнө шектүү кыйноого кабылганына даттанды

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кыйноого алынганы тууралуу даттанып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

— Айыпталуучу «кыйноого кабылдым» деп өзү айтып, арыз жазып берди. Арызында ал “мени кармагандан кийин Баткен облустук милиция башкармалыгына алып келишип, прокурорлор жана милиция кызматкерлери кыйноого алышты” деп жазып жатат. Биздин кызматкерлер аны текшерүү учурунда денесинде көгаласы, сабалган жерлери бар экенин көрүп, сүрөткө тартып алышты. Бул боюнча биз Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, кыйноого алган кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылды. Мындан сырткары бул иштин иликтенишине президенттин да көз салып турушун суранып жатабыз. Эми биздин кызматкерлер да бат-бат барып, кармалган жаранды көрүп, кабар алып турушат, — деди Сулайманов.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Маркум ал күнү санаалаштары менен аңчылыкка чыкканы кабарланган. Анын өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалып, эки айга камалган. Учурда ал Оштогу убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитова уулун күнөөлүү деп эсептебей турганын буга чейин “Азаттыкка” айтып берген эле.

Иликтөө бүткүчө облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчы жана Баткен районунун прокурору иштен убактылуу четтетилген. 19-ноябрда Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп мурда Башкы прокуратурада иштеген Ороз Бердибаев дайындалган.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу