Продюсери менен чырдашкан ырчылар…

Эсиңизде болсо шоу-бизнес жанданып,  эң алгач Темир Назаров баштап берген,  «Туулган жер» аттуу ырын ырдап, бийлеп аткарган ырчы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Көрсө ага дем, күч берип турган продюсери Канат Култаев болгон. Ортодо кандайдыр бир келишпестиктер орун алып,  тилекке каршы келишим аягына жетпей, ырчы менен продюсер эки ажырым жолго түшкөн. Канат Култаев, Темир Назаров менен иштешпей калгандай кийин эле, Мирбек Атабеков менен келишим түзүп иштеп баштаган. Мирбек Атабеков азырга чейин продюсери менен жакшы мамиледе.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бир учурда, «Сурабаптырмын атың ким деп»-деп ырдаган Мирбек Иманбеков жана анын  продюсери Асыл Аппасова ортосунда  чыр болгону баарыбызга  маалым. Эске салсак, 2007-жылы «Мен эми Асыл эжеге барбайм «-деген ырчы, 4 айдан кийин продюсерине барып,  кечирим сураган. Ал эми азыр бул ырчыны шоу- бизнес чөйрөсүндө активдүү ырчы иретинде көрө албай келебиз.

Бир кезде Кайрат Примбердиев менен Султан Садыралиевдин атын тааныткан,  продюсер Динара Эсенгулованын ырчы Айдин Шер менен болгон чырын эстебей койбосок болбос. Алардын таарынычы концерттен түшкөн акчаны колуна албай калган  Адин Шердин таарынчы менен башталган. Бирок Динара Эсенгулованын айтымында, «концерт берүү жаш ырчы үчүн бизнес эмес, анын атын таанытуу экенин эске албаган Айдин Шер,концерттин чыгымдарын көзгө илбей, акча үчүн таарынганы туура эмес»-деп жазып чыккан.

Дагы бир чуу жараткан Кайрат Кыргыз аты менен элге кеңири таанымал болгон ырчы да азыркы учурда продюсери Эркин Мээрканов менен чырдашып жүргөн учуру. Мындан ары Кайрат Кыргыз өзүнүн ордун таба алабы?- деген суроо баарында жаралып жатса керек…

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу