Премьер-министр эл менен кеңешип иштегиле деди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөттүн кен тармагына тиешелүү өкүлдөрү менен бирге “Кыргызстан” ААК башкармалыгынын төрөгасы Алмаз Алимбековду кабыл алды. Анда, өкмөт башчы өлкөдөгү кендерди иштетүү тармагына тийиштүү көңүл бөлүп, андагы өтүп жаткан бардык процесстердин максималдуу түрдө ачыктыгын камсыздоо зарыл  экендигин, элден сырт иш-аракеттер жарандардын ар кандай суроолорун  жаратаарын айтты. Буга байланыштуу : “Кендерди чалгындоо, иштетүү иштеринде жергиликтүү калктан эч нерсе жашырылбай, толук маалыматтар берилип, биргелешип иштөө керек. Кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү. Процесстин ачыктыгын камсыздоо  өлкөнүн инвестициялык беделин чыңдоо өбөлгө түзөт. Тогуз-Тородогу окуя мунун ачык далили”-деп билдирди.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу