Премьер-министр С.Жээнбеков Токтогул районундагы жаңы мектептин курулушун тездетүүнү жана Маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, 19-июлда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы мектептин крулушу жана Маданият үйүнүн абалы менен таанышты.

Арал айылында мамлекеттик администрациянын башчысы — Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов жергиликтүү орто мектеп 1988-жылы курулганын билдирди. Ал 120 окуучулук орунга эсептелген. Бирок бүгүнкү күндө анда 212 окуучу окуйт. Мектеп эчак билим берүү стандарттарына дал келбей калган, имарат эскирген. Ошондуктан жаңы окуу жайын куруу зарылчылыгы бышып жетилди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бул маселе чечилерин белгиледи. Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга бул объект боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

КРнын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев Котормо айылынын Торкен айыл өкмөтүнүндөгү мектептин курулушуна салыштырмалуу жаңы окуу жайы 225 окуучуга эсептелет. Долбоордун сметалык наркы 56 млн. сом. Алардын ичинен 9 млн. сомун берүү калды. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Объектти тапшыруу 2017-жылдын 1-сентябрына пландалууда.

Премьер-министр курулуш иштерин берилген мөөнөттө бүтүрүү үчүн жумушчулардын санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков иштерди кылдат аткаруу, бардык курулуш нормаларын сактоо, сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу зарылчылыктарын өзөчө белгилеп кетти.

Премьер-министр ошондой эле Котормо айылынын жашоочулары менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бул калктуу пунктта таза ичүүчү суу азырынча жок болгондуктан, таза суу маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле жашоочулар салынып жаткан мектепке спорт залын куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну суранышты.

Сооронбай Жээнбеков Котормо айылы «Таза суу» долбооруна киргенин, ошондуктан таза ичүүчү суу жакынкы арада жүргүзүлөрүн белгилеп өттү.

Андан ары премьер-министр Токтогул шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөө иштенрине зарыл болгон А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө болду. Бул жерде ал чыгармачыл жамааттын суроолоруна жооп берди.

Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов айткандай, Маданият үйүндө 116 адам иштейт. Имарат 1975-жылы пайдаланууга берилген. 2006-жылы Токтогул районунун атайын фондунан Маданият үйүнүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 3,1 млн. сом бөлүнүп берилген. Бирок каражаттын жетишсиздигинен концерттик зал, жылуулук системасы жана сахнанын жарык приборлорунун кабелдери оңдолгон эмес. Андан тышкары, чатырдын жана имараттын оңдолуп-түзөлүүсү талап кылынууда. Ошондой эле Маданият үйүнүн ички көрүнүшүн иретке келтирүү зарыл.

Маселени изилдеп, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КРнын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге Токтогул шаарынын Маданият үйүн 2018-жылга капиталдык курулуштун тизмесине киргизүүнү жана ушул максатта 7 млн. сом каралышын тапшырды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу