Премьер-министр Сапар Исаков 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарды

Сапар Исаков өкмөт башчылык кызматындагы 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарды. Премьер-министрдин жыйынтык маалыматында, анын “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын алкагында жасалып жаткан жана буга чейин демилгеленген иштердин жыйынтыгы камтылган.

Маалымат боюнча, 100 күндө 40тан ашык ири маселелер жүзөгө ашты. Анын ичинде электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдүүктүү порталы, ипотекалык насыялоонун 8 пайызга төмөнтөтүлүшү жана экспортчулардын жеңилдетилген насыялары, Кыргызстандын “Ачык өкмөт” өнөктөштүгүнө кошулушу сыяктуу башка саясий, реалдуу сектор, социалдык-экономикалык шарттарды өнүктүрүү боюнча иштер аткарылды.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу