Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Азыр Чынгыз Айдарбеков Кыгызстандын Жапониядагы ыйгарым укуктуу элчисинин кызматын ээлейт.

Ал 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билими бар.

1998-жылы Кыргызстан Эл аралык Университетин “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча аяктаган.

2001-жылы аталган окуу жайдын  “юриспруденция” багыты боюнча  магистратурасын аяктаган.

2017-жылы  Кыргыз-Орус славян университетинде аспирантураны аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1998-жылы  КР ТИМде атташе кызматында баштаган.

2003-жылы ТИМдин үчүнчү катчысы болуп дайындалган.

2003-2005-жылдары ТИМдин биринчи катчысы

2005-2008-жылдары  Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кеңешчиси

2008-жыл ТИМдин көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси

2008-2010-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси

20011-жыл Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти

2012-2016-жылдар Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси

2016-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандын Жапониядагы элчиси

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн сыйлыктары бар.

Эске салсак, өткөн жумада Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министринин кызматынан өз калоосу менен кеткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу