Президент: Үй-бүлөмө убакытым жок

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында жеке жашоосу тууралуу суроого да жооп берди. Ал жеке жашоосу тууралуу мурда айткан эместигин белгилеп, эми айтпаса болбой турганын билдирди.

Президент эртең менен саат 07.30да ишке барат. Аппараты келгенче өз алдынча иштеп, же китеп окуйт. Кечкисин жумуштан чыгып бара жатып, маалыматтарды карап окуп чыгат жана ишин үйүндө да улантат.

Жээнбеков азыр үй-бүлөсүнө убакыт бөлбөй калганын, аны ойлоого да убакыты жоктугун кошумчалайт.

Алар өзү менен өзү. «Ассалом алейкум, келдим, кеттим»..эле болуп калды. Негизи жакшылык-жамандыкка барып турчумун. Азыр такыр барбай калдым”- деди өлкө башчы.

Президент жеке жашоосунда башка кызыктар да жок экенин сөзүнүн аягында кошумчалады.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу