Президент эки күндүк иш сапары менен Ош облусунда болот

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды.

Ал иш сапардын алкагында «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук оюндарга катышат.

Андан тышкары Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» заводунун ачылышына катышат.

Кошумчалай кетсек, Айтматовго арналган иш-чараларга парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары да катышат.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу