Президент телефон аркылуу Валентина Шевченкону куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады.  Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге   мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда  Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», – деди Мамлекет башчысы.

Валентина Шевченко Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде  польшалык Джоанна Енджейчикти жеңип, жеңил салмакта абсолюттук мушташ чемпионатында чемпион деген наамга жетишти. Жердешибиз 57 килограмм салмакта UFСтин чемпиондук наамы үчүн ат салышкан.

Эске салсак, Валентина Шевченко менен Джоанна Енджейчиктин ортосундагы  беттешүү бүгүн, 9-декабрда Торонто шаарында (Канада) өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу