Президент тазалоону Шарапов сыяктуулардан баштаса…

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында эле коррупционерлердин атын ачык атагыла, чара көрөбүз деп коңгуроо какты. Мындай билдирүүдөн соң баскан изи мандемдүү, ишмердүүлүгү күмөн жараткан куйругунда калбыры барлар шибегеге отургандай эле абалда калышты. Коомчулук өлкө башчысынын бул чакыруусун колдоп, жоругу жолдо калчу, эл ырыскысына кол салгандарды четинен санай башташты. Андай кой терисин жамынган карышкырлардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов дагы бар экенин жашырууга мүмкүн эмес.

Анткени ал Кадамжай районундагы Айдаркен сымап комбинатын каалагандай мүлжүптүр. Башкача айтканда, 2 гектардан ашык жери менен 75 орундуу профилакториясын 40 миң сомго менчиктештирип алып, карындашына каттатып коюптур. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү эл ит бекер ээлеп алган комбинаттын мүлкүн кайтарып ала алышпай жатышат. Бул аз келгенсип комбинаттын 100дөн ашык уй, 5 гектардан ашык жери бар фирмасын, 5-6 миң тоок, казы бар фабрикасын да менчиктештирип алган. Ошондой эле 28 техниканы да жокко чыгартырып ээлеп алып, туш келди саткан.

Бүгүнкү күндө ээлеп алган комбинаттын ондогон гектар жерлерин 5 сотыхтан бөлүп, 500 миңге сатып туйтунуп жаткан кербези экен. Мына «коррупционерлер» кайда отурат? Кулагынан кармап барып эле түрмөнүн төрүнө отургузуш керек… Президент тазалоону Жогорку Кеңештен Шарапов сыяктуулардан баштаса жарашмак…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу