Президент С.Жээнбеков өзүнө жаңы кеңешчи дайындады.

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 5-июлда билдирди.

Экономика илимдеринин кандидаты Б.Жээнбаева (1960-жылы төрөлгөн) республикалык «Адилет» партиясынын тең төрайымы. Кыргыз Республикасынын президентинин ардак грамотасы жана «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген экономист» наамынын ээси.

Б.Жеенбаева 2011-2015-жылдары Кыргызстандын Улуттук банкынын төргасынын орун басары болгон. Ал эми 2015-2016-жылдары «Мамлекеттик» ипотекалык компания ААКтын башкармалыгынын төрайымы болуп эмгектенген. 2016-жылы «Айыл Банк» ААКтын башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалган болчу.
БУЛАК:turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу