Президент Сооронбай Жээнбеков Шри-Ланканын Президентине көңүл айтты

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Шри-Ланканын Президенти Майтрипала Сирисенага Шри-Ланкада Пасха учурунда бир нече шаарларда жардыруунун натыйжасында көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жабыркоосуна байланыштуу көңүл айтты.

«Шри-Ланканын шаарларында жардыруулардын натыйжасында көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу