Президент Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 24-мартта шахмат боюнча дүйнө чемпиону жана Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Карпов менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков мелдеш өлкөдөгү шахмат оюнун өнүктүрүүгө маанилүү дем бергенин жана шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону Анатолий Карповдун экинчи жолу катышуусу мелдештин популярдуу болуп баратканынын далили экенин белгиледи.

«Сиздин колуңуздан сыйлык алган балдар үчүн бул эстен кеткис окуя болот», — деп белгиледи Президент.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов Мамлекет башчы менен болгон баарлашуу учурунда Кыргызстанда шахматка болгон өзгөчө балдар арасында абдан чоң кызыгуу байкалып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Анатолий Карпов 2018-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде балдар арасында шахмат боюнча Кубок өткөрүү, андан соң Кыргызстанда А. Карпов шахмат Академиясын ачуу маселелелери боюнча пикир алмашышты.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу