Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү расмий сапар менен Тажикстанга барат.

Бул тууралуу Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган билдирүүсүндө айтылат.

Анда ал Тажикстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Дүйшөмбүгө расмий сапар менен келээрин билдирип, бул визит боордош кыргыз-тажик элдеринин кызыкчылыгын көздөгөн эки мамлекеттин көп багыттуу кызматташтыгына жаңы дем берээри белгиленген.

Бирок билдирүүдө расмий сапардын так күнү айтылган эмес.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 13-14-декабрь күндөрү Өзбекстанда расмий сапар менен болгон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу