Президент Сооронбай Жээнбеков: Мен эч качан элдин кызыкчылыгын сатпайм!

“Мен эч качан элдин кызыкчылыгын сатпайм!”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында.

Үч сааттан ашуун созулган маалымат жыйынында 40 журналист 80ден ашык суроо беришти. Журналисттерди тышкы жана ички саясат, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, экономиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо органдарынын реформасы, сот-укуктук реформалар ж.б. ар кыл маселелер кызыктырды. Ошондой эле Мамлекет башчысынын үй-бүлөсү жана жеке жашоосу тууралуу дагы суроолор болду.

Сооронбай Жээнбеков Президенттик кызматтагы ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө айтып берди, анын ичинде тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар, аймактарды өнүктүрүүдөгү аткарылган жумуштар, мамлекетти санариптештирүү, “Коопсуз шаар” жана “Түндүк” долбоорлорун ишке ашыруу, коррупция менен күрөш, сот жана укук коргоо системаларындагы реформалар, шайлоо системасын жакшыртуу маселелери бар.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын январь айынан баштап, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айлык акы төлөө боюнча чечилген маселени өзгөчө белгилеп, азырынча акчасы анчалык көп болбосо да, бул биринчи гана кадам экенин жана келечекте кам көрүү күчөй турганын белгиледи.

Ошондой эле ал коррупция менен күрөштөн келип түшкөн жана атайын эсепке которулуп жаткан акча каражаттары социалдык объекттерди – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бала бакчалар менен мектептерди курууга багытталаарын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Президенти катары саясий чайкоочулукка жана абалды туруксуздаштыруу аракеттерине жол бербей турганын, ал “Элдик президент болом, “Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок” деген принципке таянып иштейм” деп убада бергенин, ошол убадасын аткараарын белгиледи.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде чет элдик жана аймактык 170тен ашуун журналист каттоодон өткөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу