Президент Сооронбай Жээнбеков кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде  «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан менен жана ушул эле күнү «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен жолугушту.

Транспорт жана темир жол чөйрөлөрүндө, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана болочок кызматташуу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы инвестициялык жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Кытай темир жол курулуш компаниясынын жетекчиси Чэнь Фэньцзиан эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда макулдашууга жетишилсе, компания кызматташууга даяр экенин белгиледи.

«Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана кызматташуунун болочогу тууралуу пикир алмашуу болду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу