Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык өзгөрүүлөр шайлоого бир жыл калганга чейин бекитилип, кийин “оюн эрежелери” өзгөрбөш керек

Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы менен бүгүн, 13-августта Улуттук кеӊештин жыйыны өтүп, анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясынын жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланды.

Мамлекет башчысы элдин ишенимин, шайлоонун адилеттигин камсыз кылуу — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл фактор экенин белгиледи.

Ал өткөн шайлоолор дагы бир топ кемчиликтер бар экендигин көрсөткөнүн, шайлоону мындан ары өркүндөтүү максатында ушул жылдын март айында Жумушчу топко жакынкы мөөнөткө шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорун иштеп чыгып, отурумдун кароосуна киргизүү милдети коюлганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеӊештин катчылыгы, Шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү өтө көлөмдүү жана жемиштүү иш аткарганын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Депутаттарга кайрылып, Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоолордо эрежелердин туруктуулугун камсыз кылуу абдан маанилүү экенин белгиледи. Бардык өзгөрүүлөр шайлоого бир жыл калганга чейин такталып, кийин «оюн эрежелери» өзгөрбөш керек.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы жетекчилерге, депутаттарга, Өкмөт мүчөлөрүнө, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрүнө жана башка чиновниктерге кайрылды.

«Баарыбыздын максат-тилегибиз бир — мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болуш керек, бирок көпчүлүк учурда аткаминерлердин сүйлөгөн сөзү менен кылган иштери шайкеш келбей жатат. Биз, чиновниктер өзүбүздөн тазалыкты талап кылып, аракет кылсак тез өнүгөбүз. Мамлекетибиз өнүгө турган бардык шарттар бар, Стратегияга көп маанилүү нерселер кирди. Стратегиянын пункттарынын үстүнөн биригип бардык бийлик бутактар жана катмарлар иштеш керек, ошондо ал ишке ашат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал бардык мамлекеттик органдарды бюрократияны кыскартууга чакырды жана ички бюрократия, чиновниктердин кабыл алган туура эмес чечимдери жана жоопкерчиликтен качканы өлкөнү өнүктүрбөй жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн элге, райондук жана айылдык маанидеги жетекчилерге Стратегиянын ар бир пунктун жеткирип, андагы милдеттерди аткарып, өз өнүгүү программасын иштеп чыгууга чакырды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу