Президентке кайрылуу — Экс-начальник Усубалиеванын кылмыш иши боюнча өмүрүмө коркунуч туулуп жатат

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Тосту айылынын тургуну Ибрайимов Замирбек Шабдановичтен

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен сизге аргасыздан кайрылуу жазууга мажбур болдум. Үнүм Кудайга жетсе жеткендир бирок, сиздин кол астыӊызда иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге эч жетпеди. Сиздин иштеп жаткан бир жылдык мөөнөтүӊүздө бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды. Сиздин каттуу койгон талабыӊыз менен элдин ырыскысын уурдагандар министр жана депутаттар атайын кызматтар тарабынан коррупцияга шектелип, камалып жатат. Бирок, урматтуу Сооронбай Шарипович коррупциялык иштер бир гана министр жана депутаттарда эле эмес, райондук деӊгээлдеги жетекчилерде көп кездешет аны текшерип, караган адам жок! Арыздансаӊ укук коргоо органдары бирин-бири коргоп, Кыргызча айтканда “Карга-Карганын көзүн чокубайт” болуп бири да жооп керчилике тартылбай кедет! Эгерде эч кандай айла таба албаса ротация кылып, башка районго которуп жиберишет! Ушул сыяктуу көрүнүштөр сиздин беделиӊизди түшүрүп, эл арасында кадыр баркыӊыз түшүп жатат. Менин эсимде сиз примерь-министр кезиӊизде- “Мен, Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемаларды жакшы билем, аларга чара көрүү керек” деп айттыӊыз эле бирок, ошол бойдон көмүскө схема иштеп жатканы баарыбызга анык болуп калды. Менин сизге айтайын деген көйгөйүм да Мамлеттик каттоо кызматындагы алешемдиктер боюнча болмокчу! 2018-жылдын июль айынын аягында мени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Аксы райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн Айнура деген кыз телефон чалып, ОМС кагазыӊызды алып келиӊиз деп чалды. Мен макул болуп, ОМС ти алып барсам Аксы райондук ЖААК бөлүмүндөгү Айнура деген кыз менен Венера эже мага компьютердин мониторунан мага жазылган күбөлүктү көрсөттү. Мен таӊ калып сурадым бул кандайча болду десем, мурунку башчысы Шарипа Усубалиева жасаптыр дешти. Көрсө ушул жылдын 26-июлунда Усубалиева Шарипа Ала-Букадан келип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекет тарабынан мага берилген күбөлүктүн ИНН номери, менин аты жөнүм, туулган күнү датасы жана ата-энемдинда фамилиясын өзгөртүүсүз калтырып, болгону менин фамилиям Ибрайимов болсо аны – Увраимов кылып, Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Туюк-Жар айылынын тургуну 1967-жылы туулган Нуркулов Данияр Мамадраимовичке- KGZ 01 0167278 номери менен Увраимов Замирбек Шабданович кылып жазып, жасалма документ бериптир. (күбөлүктүн нускасы тиркелет) Усубалиева Шарипа 2018-жылдын апрель айында Ала-Бука районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө башчы болуп ротация болуп кеткен экен бирок, мыйзамды бузуп, жасалма документ жасаган. Аябай жиним келип, Шарипа бул жерде иштебесе кантип документ жасайт десем мурун силердин начальнигиӊер болгом дегенсип бастырып кирип келип эле компьютерлдин паролун билгенден кийин пайдалана берет бизда бир нерсе дей албайбыз дешти. Аксы райондук ЖААК бөлүмүнүн кызматкерлери Венера эже менен Айнуранын зиректигинен улам менин ОМС теги номерими байкашып, менин телефон номерими таап, мага чалган экен. Экөөсү байкап калбаганда бул иш билинбей кала бермек жана Усубалиева Шарипа мыйзамсыз иштерди уланта бермек экен! Мен ошол жерден Шарипага телефон чалып, тез келүүсүн сурандам. Ал келгенде бул эмне кылганыӊ карындашым деп сурасам сизге мен башка күбөлүк жасап берем деди эле мага башка керек эмес, эмне себептен менин атымы башка адамга берип, күбөлүк жасап жатасыӊ дедим. Мен, Шарипадан “Нуркулов Данияр Мамадраимовичке- KGZ 01 0167278 номери менен жасалган документти таап бер деп айтып, бир жума убакыт бердим. Бир жумадан кийин Шарипа күбөлүктү таап, айылга алып келди. Мага бер десем бербей койду эле авто унаасынын ичинде экөөбүз талашып кеттик. Шарипа менин атыма жасалган жасалма күбөлүктү тытып таштаганга аракет кылды эле бирок, мен талашып алып койдум. Андан кийин мен баардык далилдерди таап, Аксы райондук прокуратурасына укугумду коргоп берүүсүн өтүнүп, арыз жаздым бирок, алар тергөө ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад областынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча бөлүмүнө жиберишти. Ал жерден да бир майнап чыкпастан Аксы РИИБ үнүн тергөө бөлүмүнө жөнөтүп, азыркы учурда иш каралып жатат. 4 айдан бери эч кандай жыйынтык чыкпай тергөө узарып келе жатат. Ушул бойдон тергөөдөн Сотко өтпөй иш кыскарып кете турган жагдай жаралып жатат. Менин арзымды караштын ордуна мага адам салдырып сүйлөшөлү акча берели дешип, жашыруун номерлерден телефон чалуулар болуп, өмүрүмө коркунуч туулуп жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сизден сураныч менин укугумду коргоп ошондой эле мыйзмасыз иштерге күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерге каттуу чара көрүп берүүӊүздү суранамын!

Сизди тереӊ урматтоо менен, Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Тосту айылынын тургуну: З.Ш. Ибрайимов.

Телефон: 0772 21 69 40

Аргумент.kg
Жооп калтыруу